Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

18:46 Жалалабатта облустук бийликтин алдында 100дөн ашык киши нааразылык акциясын өткөрдү


Жалалабат шаарына караштуу Тайгараев айыл өкмөтүнөн келишкен кишилер мектептин 3 окуучусун абактан бошотуп, алардын баш коргоо чараларын өзгөртүүнү, аларга байланыштуу кылмыш ишин калыстык менен териштирүүнү талап кылышты. Талаптары аткарылбай турган болсо нааразылык билдиргендердин саны көбөйө тургандыктарын маалым кылышты. Акциянын катышуучулары айтышкандай 3 бала тойдон чыгып, өлгөн адамдын жанында өтүп баратканда кармалган. Алгачкы 3 күнү алар ата-энелери жана адвокаты менен жолуктурулбай уруп-согууларды баштан өткөрүшкөн. Бирок мындай айыптоолорду шаардык милиция четке кагып, тергөө мыйзам чегинде өткөндүгүн жана балдарга кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык иш козголуп, соттун кароосуна жиберилгендигин, алар кармалган 5-январь күнү бир адам өлүп, экинчи киши жарадар болгондугун билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG