Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

БУШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ САПАРЫН АЯКТАДЫ


АКШ президенти Жорж Буш кечээ Мисирде Жакынкы Чыгыштагы сегиз күндүк сапарын жыйынтыктады.Шарм-аш-Шейхте Египет президенти Хосни Мубарак менен өткөрүлгөн жолугушууда палестин-израил сүйлөшүүлөрү кеп болду. Буш ошондой эле Иран менен Сирияны Ливандын ички саясий иштерине кийлигишүүнү токтотууга чакырды жана ОПЕК кара май өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтөрүнө үмүт билдирди.

Президент Буш сегиз күнгө созулган сапарынын жүрүшүндө негизинен эки темага басым жасады. Баарыдан мурда ал региондогу өлкөлөрдү жакында кайра жанданган палестин-израил сүйлөшүүлөрүнө колдоо көрсөтүүгө үндөдү.

Шарм-аш-Шейхте Буш бу маселеде быйылкы жылдын этегине чейин мунаса тапканга мүмкүнчүлүк бар экенин кайрадан белгиледи. “Сүйлөшүүлөр позитивдүү болду, тынчтык келишими түзүлөрүнө менде чоң ишеним бар. Мунун себеби – Израилдин да, автономиянын да жетекчилиги палестин мамлекетин түзүүнү жактарына күмөнүм жок. Буга коңшулаш өлкөлөр салым кошкусу келерин да билем”, - деп айтты Буш.

Буштун сөздөрүн Египет президенти Хосни Мубарак колдоого алды. Мубарак тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу Египеттин позициясын коргоду, ошол эле учурда президент Буш палестиналыктар менен израилдиктердин мунаса табышына көмөкчү болоруна да ишенерин билдирди. Мубарак “президент Буштун бийликтеги мөөнөтү бүткөнгө чейин тынчтык келишими түзүлүп калышын кааларын” кошумчалады.

Иран,анын ядролук программасы жана Тегерандын региондогу иштердеги таасирин чектөө - Буштун сапарында дамамат козголгон экинчи тема болду. Шарм-аш-Шейхте да бу проблемага кайрылып, Иран менен Сирия Ливанда “хезболлачыларга” колдоо көрсөтүп, бул өлкөдөгү президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратканы жатат деп аларды сынга алды.

Буштун сапарында регионалдык саясий проблемалардан тышкары башка да маселелер талкууланды. Атап айтканда, Буш кара майдын баасы токтоосуз жогорулап баратканына тынчсыздануу билдирди. Ак үйдүн басма сөз катчысы Дана Перино ырастагандай, шейшемби күнү сауддардын падышасы Абдалла менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр учурунда Буш ушул проблеманы атайын сөз кылды. Атап айтканда, кара май өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө ОПЕКти көндүрүү тууралуу өтүнүч айтылды. Сауд падышасы буга байланыштуу мунайдын рынокто кескин кымбаттап баратканы дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизип жатканын түшүнөрүн билдирди. ОПЕКке кирген он үч өлкө эмдиги айдын башталышында Венада кезектеги жыйынга чогулат.

Буш болсо сапарын аяктап,кечээ Каирден Вашингтонго учуп кетти. Сегиз күн ичинде ал Израилде, палестин аймагында, Бахрейнде, Кувейтте, Бириккен Арап Эмираттыгында жана Сауд Аравиясында болду.
XS
SM
MD
LG