Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

ЭЛЕКТРШОК ТЕРАПИЯСЫ ДЕПРЕССИЯНЫ АЙЫКТЫРУУДА ЖАРДАМ БЕРЕТ


Көп жылдар бою Голливуд тасмаларында электршогу психиатриялык ооруканаларда коргоосуз оорулууларга каршы колдонулуп келген ырайымсыз ыкма катары көрсөтүлүп келген. Бирок жакында эле электршок терапиясы депрессиядан айыктыруунун бирден-бир ыкмасы болгону аныкталды. Күн нурунун адамга зыянынан пайдасы көбүрөкпү? Түштөн кийинки 90 мүнөттүк уйку эске тутууну жакшыртат.

1975-жылы “Күкүктүн уясынын үстүнөн учуп баратып” деп аталган тасма “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгон. Анда психиатриялык ооруканадагы тартипке баш ийбей койгону үчүн актер Жек Николсондун каарманына электршок терапиясы колдонулат.

Жакында эле Торонто университетинин профессору Эдвард Шортер жана Кардиф университетинин профессору Дэвид Хиллинин электршогунун тарыхын баяндаган “Шок терапиясы: Акыл-эс оорусун дарылоодо электршок ыкмасы” деген аталыштагы китеби жарык көрдү. Китеп авторлорунун ырастоосунда, чуулгандуу “Күкүк уясы” тасмасында дарыгер менен оорулуунун мамилеси терс жагынан көрсөтүлүп, мунун айынан туура эмес коомдук пикир калыптанып калган:

Ошол тасмада электршок терапиясы таптакыр туура эмес көрсөтүлгөн. Бул тасмадан кийин бир нече муундар бою электршок тууралуу көз караш терс болуп келген.

Профессор Шортер чындыгында электршок терапиясын колдонуу учурунда оорулуу эч нерсе сезберин, ал эми эсине келгенде оорулуу өзүн кыйла жакшы сезерин кошумчалайт. Китептин авторлору электршогу 1940-50-жылдары дүйнөдөгү ар бир психиатриялык ооруканада колдонулуп келгенин айтышат. Дарыгерлердин айтымында, бул ыкма дары-дармектер менен дарылоого караганда алда канча эффективдүү болуп эсептелет. Ошол эле учурда аталган терапия көркөм тасмаларда өтө коркунучтуу жана ырайымсыз ыкма катары көрсөтүлүп келет.

1976-жылы АКШнын Калифорния штатында, кийинчирээк айрым Батыш өлкөлөрүндө электршок терапиясына тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Бирок чындыгында, күчтүү дары-дармектер жана психотерапия дайыма эле депрессияны айыктыра албайт деп эсептейт профессор Хилли:

Практика көрсөткөндөй, көпчүлүк оорулуулар дары-дармектерди кабыл алса дагы алардын таасири болбойт. Андыктан, жалгыз гана дарылоо ыкмасы болуп электршок терапиясы кала берет.

Хиллинин сөзүн коштоп, анын кесиптеши профессор Шортер электршок терапиясы кайрадан айрым өлкөлөрдө колдонула баштаганы менен көпчүлүк учурда алгач ден-соолука терс таасирин тийгизген күчтүү дары-дармектер колдонуларын айтты:

Талашсыз, депрессия жана башка акыл-эс дартына чалдыккандарга электршок терапиясы жардам берет. Бирок электршок аппаратын чыгарган компаниялар активдүү өнөктүк жүргүзбөйт.

Көп жылдар бою дарыгерлер жайында күнгө күйүүнү жакшы көргөндөргө рак дарты тууралуу эскертип келет. Эми болсо, айрым дарыгерлер күн нуру бере турган Д витамини рак дартын алдын-алууда жардам бере тургандыгын айтууда.

Ашкере күн нурунан рактын пайда болуу коркунучу кыйла жогору. Бирок ошол эле нур адамдарды Д витамини менен камсыз кылат. Бул тууралуу “Улуттук илимдер академиясынын эмгектери” аттуу басылмада айтылат. Анда норвегиялык жана америкалык окумуштуулардын бул багыттагы изилдөөсү жарыяланган.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, күн көп тийбеген аймактын жашоочулары рак дартына көп чалдыкпайт. Бирок ошол эле учурда күн нуру берген Д витамининин жетишсиздиги дагы жүрөк ооруларына алып келет. Анда “күн нуру канча өлчөмдө болушу керек?” деген суроо пайда болот. Изилдөөгө ылайык, күн нуру жетишерлик деңгээлде болушу керек. Дарыгерлер “күнгө өтө күйүүдөн абайлагыла, бирок, жарыктан качпагыла” ,-деп эскертишет. Мындан сырткары, Д витаминин сүт жана балыктын бир канча түрүнөн да тапса болот.

Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, түштөн кийинки уйку бир нече себептерден улам пайдалуу. Башкача айтканда, түштөн кийин 1 жарым саат уктаган адамдын кан басымы азайып, эске тутуусу жакшырып, жүрөк ооруларына азырак чалдыгат.

Канадалык жана израилдик окумуштуулардын изилдөөсү учурунда адамдардын бир тобу күн сайын 90 мүнөт уктаган, ал эми башка бир тобу тескерисинче түштө уктаган эмес. Натыйжада түштө уктаган адамдардын эске тутуу жөндөмдүүлүгү уктабагандарга карганда жакшы болгону аныкталган.

Ал эми уктай албаган адамдар үчүн Висконсин университетинин окумуштуулары атайын аппарат ойлоп табышкан. Бул аппарат аркылуу адамдын мээсине магниттик толкундар жиберилет. Бул толкундар жеткенде, адам уйкусуздукту унутат. Бирок азырынча, изилдөө жыйынтыктала элек. Андыктан, ал канчалык коопсуз болгону азырынча суроо бойдон калууда.
XS
SM
MD
LG