Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Амирбек Усманов, Прага Эларалык Фридом Хаус уюму 2007- жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү эркиндиктин абалы жөнүндө жылдык докладын жарыялады. Бул докладга караганда, акыркы эки жылда Балтика боюндагы үч өлкөнү кошпогондо мурдакы советтик республикаларда эркиндикке түрдүү чектөөлөр киргизилип, абал бир кыйла осолдоп кеткен. Натыйжада, бул 12 өлкөнүн жетөө эркин эмес”, төртөө “салыштырмалуу эркин” жана Украина- “эркин” деген баа алган.

Эркиндиктин абалы изилденген 193 өлкөнүн ичинен постсоветтик Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан “эң жамандардын жаманы” деген топко кирген. Экс-советтик өлкөлөрдүн ичинен бир гана Украина- партиялар арасындагы келишпестикке карабай- демократияны көздөй илгерилөөдө, дейт Фридом Хаус уюмунун директору Крис Волькер “Азаттыкка” берген интервьюда:

- Саргылтым ынкылаптан кийин Украинада болгон шайлоолор курч атаандаштыкта, бирок тынч өтүп, катышуучулар анын жыйынтыгына ынанышты. Постсоветтик өлкөлөрдө көбүн эсе шайлоолор начар уюштурулуп, калыс өтпөйт. Бул экс-советтик Балтика өлкөлөрүнө мүнөздүү эмес.

Волькер 2007- жылы Орусиядагы авторитардык бийликтин тарапкерлери бириккенине, натыйжада эл президентти эркин тандоо укугунан айрылганына көңүл бурду:

-Албетте, өткөн 2007-жыл Орусиядагы авторитардык бийликтин жактоочуларынын биригүүсү үчүн маанилүү жыл болгонун көрдүк. Буга декбардагы парламенттик шайлоодогу бурмалоолор мүмкүндүк берди. Натыйжада, жыл соңуна барып, орусиялыктардын келерки президентти ачык жана адилет тандоого мүмкүнчүлүгү жок экени айкын болду.

Грузия менен Украина демократиялык реформаларды жүргүзүү үчүн катуу аракеттенип жатышса да, эки өлкөнүн проблемаларында чоң өзгөчөлүктөр бар.

-Украинада позициясы ачык-айкын саясый оюнчулар бар. Оппозициялык күчтөр бири бири менен теңме- тең атаандаша алат. Грузияда харизмалуу лидер башындагы бийликке тең чыкчу бышыккан кубатуу оппозиция жок,- дейт Крис Волькер:

Ал эми Грузияда түзүлгөн курч кырдаалды өлкөнүн күчтүү аткаруу бийлиги катаал шартта жүргүзүп жаткан реформанын туундусу, деп эсептейт Крис Волькер.
XS
SM
MD
LG