Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

11:57 Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Адилет Айтикеевдин иши каралат


Бирок бул тууралуу Адилет Айтикеев жана анын адвокаты Сартпай Жайчибеков азыр гана кабарланды деп билдирди «Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдрасулова. Анын айтымында, сот бүгүнкү процесс тууралуу бир-эки күн мурун жазуу түрүндө же жок дегенде оозеки кабарлашы керек болчу. Сартпай Жайчибековдун бүгүн убактысы такыр жок болгондуктан, эми Айтикеевге “дүжүр” адвокат берилиши мүмкүн дейт укук коргоочу. “Канжар» жаштар кыймылынын лидерлеринин бири А. Айтикеев апрелдеги оппозиция митингисинде массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталууда. Ал биринчи жолу 24-апрелде кармалган. Андан көп өтпөй бир катар депутаттардын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп бошотулган болчу. Бирок 19-июнда Айтикеевдин баш коргоо чарасы кайрадан өзгөртүлүп, ага эл аралык издөө жарыяланган. Экинчи ирээт Айтикеев 25-октябрда колго түшкөн. Андан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Айтикеевдин баш коргоо чарасын 13-декабрда Жогорку Cот өзгөртүп, апасынын кепилдиги менен абактан бошоткон. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG