Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Парламент Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул маселе өтө шашылыш каралды. К.Осмоновдун өзү муну анын саясий ишмердигине байланыштырды. Ал эми депутат Роза Отунбаева К.Осмоновдун кызматтан бошотулушун "саясий куугунтук" катары баалады. Ырасмий түрдө К.Осмоновду кызматтан бошотууга бир катар соттордун анын үстүнөн арызданып президентке жазган каты себеп болду.

Президенттин сунушу парламенттин укук, мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде кечээ кечинде каралды деген маалымат айтылды. Бирок буга депутат Роза Отунбаева күмөн санаганын билдирди.

Аталган комитет Жогорку соттун төрагасын кызматтан алуу сунушу мыйзамга туура келет деген чечимин чыгарып берген. Комитеттин төрайымы Лейла Сыдыкованын айтымында, 50дөн ашуун облустук, шаардык, райондук соттордун атынан президент К.Бакиевге арыз келип түшкөн. Анда Курманбек Осмоновдун иш алып баруусу сот системасынын азыркы талаптарына жооп бербей тургандыгы, төрага тарабынан сот системасын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген аракеттер болуп келгендиги жана башка себептер айтылган.

Бул катты депутат Роза Отунбаева 1930-жылдардагы - Сталин бийлигинин каттарына окшотту.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров болсо бул маселени күн тартибине президент суранып жаткандыктан кезексиз киргизди. Жогорку соттун төрагасын кызматтан алуу маселесин шашылыш карап берүүгө көпчүлүк депутаттар макул болушту.

Курманбек Осмонов кызматтан алынышын анын саясий ишмердигине байланыштырды. Анын айтымында, президенттик администрациянын кызматкерлери сотторду чогултуп алып, аталган арыз катты жазууга мажбурлаган. Айрым соттор ага кол коюудан баш тартышкан.

К.Осмоновду кызматтан бошотуунун мыйзамдарда каралган процедуралары сакталбай, шашылыш каралганын депутат Исхах Масалиев да баса белгиледи. (КО)
XS
SM
MD
LG