Өзгөчө алыскы аймактардан келген депутаттар үчүн Бишкектен үй-бүлөсү менен жашоосуна ЖК тарабынан бөлүнгөн каражат аз деген нааразылыгын билдиришти. ЖК борбор калаада үй-жайы жок депутаттар үчүн күнүнө 350 сомдон каражат бөлгөн. Айрым депутаттардын айтуусунда учурда мындай баага мейманканада да орун берилбейт. Депутат Орзубек Назаровдун сөзү боюнча азыр 1 бөлмөлүү батир 500 доллардын айланасында, ал эи анын ээлери жок дегенде үч айга алдын ала төлөөнү талап кылышат. (ZKo)