Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: 37-ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИК


“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова болду.

- Кечээ мэриянын алдына нааразылык акциясына чыккан укук коргоочу Максим Кулешовдун камакка алынышына кандай баа бересиз?

- Максим Кулешов гана камакка алынган жок, Кыргызстанда бийлик чечимди өзү жабык режимде кабыл албасын деген адамдардын укугун тепсеп, аларды ушунчалык мыкаачылык менен милиция кызматкерлери сабады. Сот баш тартты алардын арызын карагандан, бүгүн дагы ошол процессти карайбыз жана коомчулукка маалыматты беребиз.

- Бишкек шаарын Кеңешинин нааразылык акцияларды өткөрүүнү чектеген токтомун жокко чыгаруу боюнча укук коргоочулардын арызын район аралык соту канаттандырган жок. Бул чечимге сиздин көз карашыңызды билсек?

- Бир нече укук коргоочулар ошондой азыр менен кайрылган. Бул бир гана Динара Ошурахунова менен Нурбек Токтакуновдун арызын карады. 18де менин арызымды Бишкек район аралык сот да жана шаардык сот карайт. Биз көп арыздарды бергенбиз. Бул процедура узак мөөнөттө болот. Бирок митинг акцияларды өткөрүү эркиндигин чектөө мыйзамсыз жана Конституцияга каршы.

- “Хюман райтс уоч” сиздердин декабрдагы акцияда укук коргоочулардын кармалышы боюнча президентке кооптонуусун билдирген кайрылуу жолдоду. Уюмдун билдирүүсү эл аралык коомчулуктун көзүндө Кыргызстандын аброюн төмөндөтүшү мүмкүнбү?

- Сөзсүз түрдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан бул 37-жылкы, же 17-жылдагы революциядан кийинки Кыргызстан Анткени, программа НЭП бул түшүнбөстүк, мыкаачылык саясат, бул бийлик жалаң алтын, жалаң гидроресурстарды алчу бийлик. Ошон үчүн “Хюман райтс уоч”, “Фронт лайн”, “Вэлпы”, Брюсселдеги уюмдар жана биздин эң негизги максат биздин уюмдагы партнерлор менен спецдокладчик Кыргызстанга келиш керек. Анткени бул SOS, бул бийлик адамдар менен иштей албаган бийлик.

- Адам укугун коргогон дагы бир уюм “Фридом хаустун” 2007-жылдагы жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жарым-жартылай эркин деп аталды. Анда парламенттик шайлоодо президенттин колдоосуна ээ болгон партиянын көп орунду ээлеши демократиядан артка кетүү деп табылган экен. Бул жыйынтык канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

- Муну түшүнүш керек, кыргызстандыктарга эл аралык уюмдар баа койгондон мурун биз да өзүбүз баа койгонбуз. Парламенттик шайлоодон кийин чечим чыгарганбыз, бул легитимсиз шайлоо деп. Анткени, элдин үнүн уурдап алган уятсыз бийлик, уятсыз парламент.

- Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча сиздер бүгүн жыйын өткөргөнү жатыпсыздар. Анда эмне маселелер каралат?

- Жаштардын демилгеси боюнча бүгүн жаштар форуму болот. Ошондо дагы легитимсиз шайлоонун жыйынтыгынан кийин кыргызстандыктар кандай иштерди жасаш керек, бул парламент менен иштейби, иштебейби, негизи демократиялык акыбал кандай жана кандай иш чараларды келечекте жана бүгүнкү күндө жасайбыз деген иштерди талкуулайбыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG