Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

КЫРГЫЗСТАНДА КЫШКЫ СПОРТКО КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙТ


Кыргыз жергесинде кыш өкүм сүрүп жаткан учур. Өлкөдө кышкы спортту өнүктүрүүгө жаратылыш жагдайы ылайыктуу болгону менен өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө. Бирок, жазма даректерде кыргыздар 6-9-кылымдарда эле лыжа тебишкендиги белгиленген.

XIII-XIV кылымдардагы көрүнүктүү тарыхчы Рашид-ад-Диндин жылнамасында кыргыздардын лыжалары жана аларды пайдалануунун ыкмалары сүрөттөлгөн. Кыргыздар кар үстүндө лыжа, чана тээп, аңчылык кылгандыгы, эңкейиш, өрдөн чебердик менен түшүп-чыгышкандыгы айтылат. Кышкысын кыргыздар ордо артышып, кар үстүндө улак тартып, күрөшүп, жөө жарыш уюштуруп, кызыктуу оюндарды ойногон.
Эгемендүүлүк алгандан бери кышкы спорттун деңгээли төмөндөп, кызыгуу солгундап кеткен. Сыйгаланып чуркай турган лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болгон.

Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигини жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында кышкы спорт түрлөрү көп чыгымды талап кылган түйшүктүү тармак. Учурда өлкө боюнча лыжа спортунан 4-5 машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо эптеп иштеген аты гана болуп жүрөт.

Азыркы жакшы лыжанын наркы бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга чамасы да жетпейт. «Нооруз», «Өрүүсайдагы» лыжа тебүү базарлары Президенттин алдындагы иш башкаруу чарба башкармачылыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып баратат. Бул лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды. Жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, лыжа спорту көңүлдөн чыгып баратат.

- Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кеткен. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү биздин Койташтагы лыжа базабызда эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Биздин академияда лыжа спорту боюнча адис-машыктыруучуларды даярдап, 15 студент лыжа адистиги боюнча билим алууда. Ошондой эле тоо лыжасы боюнча да адистик ачалы деп турабыз. Чет мамлекеттерден бул үчүн керектүү жабдууларды алып келдик. Бул кышкы спортту өнүктүрүү – учур талабы, - дейт Кыргыз дене тарбия академиясынын деканы Муратбек Кийизбаев.
Кыргызстандын пакратион федерациясынын жетекчиси, белгилүү каскадер Эдил Молдалиевдин пикиринде өлкөнүн жаратылышы, ак кар, көк музу кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу.

Айрыкча Нарын областындагы узак кыш мезгили, Ысыккөлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортун сүйүүчүлөргө машыгууга мүмкүндүк берет.

Кыш мезгилинде гана эмес, жаз, жай айларында ак кар, көк муз кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө, тоо лыжасын өнүктүрүүгө шарт бар. Мындай мүмкүнчүлүктү Орусиянын президенти Владимир Путин да белгилеп, айткан эле. Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр да кардан пайда таап, эл аралык, Азиялык лыжа базаларын курууга болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт. Кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистери да Кыргызстанга кызыгып жатышат.

«Кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн келечеги жок, бул каражатты көп талап кылчу спорт» деп четке каккан жетекчилер да болууда. Антсе да кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы болуп калды. Себеби, Кышкы Азия оюндарынын, Кышкы Олимпиадалык оюндардын таасири артып баратат. Кыргызстандыктар Лиллехаммер, Нагана, Солт-Лейк-Сити, Турин кышкы Олимпиадаларына, Харбин, Кангвон, Аомори кышкы Азия оюндарына барып катышкан.

Азия аймагында кышкы спорттун өнүгүшүнө абдан кызыкдар болуп жатышат. Казакстан, мисалы, кышкы Азия оюндарында Кытай менен Япониядан кийинки үчүнчү орунга жеткен. Ошондой эле 2011- жылы Алматыда кышкы Азия оюндарын өткөрүүгө азыртан даярдык көрүп жатышат.

Мына ушул жагдайларды эске алып, Бишкектин айланасындагы «Өрүүсай», «Чуңкурчак», «Чоңташ», «Койташ», «Нооруз» лыжа базаларына көңүл буруп, кышкы спорттун өнүгүүшүнө каражат бөлүү зарыл. 2008-жылы өткөрүлүүчү алты жүздөй спорттук мелдеш, иш-чаралардын ичинен кышкы спорттон 5 гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт. Лыжа спортунун федерациясы да жигердүү иш алып баралбай жатат.

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев да тоо лыжасына кызыгып, бош убактысында тоодон лыжа тебүүнү жактырчу. Бирок ал деле бул кышкы спорттун өнүгүшүнө барандуу салым кошкон жок.
Орусиянын Олимпиадалык Комитетинин Президенти Леонид Тягачев да кыргыз жергесине, Аларча капчыгайына тоо лыжа базасын биргелешип курууга кызыкдар болуп, келишимге кол койгон. Андан бери 3-4 жыл өтсө да бул келишим арткарыла элек.
Кыргызстанда расмий түрдө лыжа мелдештери 1926-жылдан бери өткөрүлүп келген. Совет доорунда Бишкек, Каракол, Нарын шаарларында лыжа секциялары иштеген. 1936-жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөрүлгөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган.

Кыргызстандык лыжачылар союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы Спартакиадаларына катышкан. Нарын, Ысыккөл областтарында совет доорунда лыжа спорту өнүгүп, оозго алынаарлык ийгиликтер болгон. Балдар арасында хоккей боюнча «Алтын шайба» мелдештери да өткөрүлүп турчу.

5-6 жылдан бери Жумгалда хоккей боюнча Эркинбек Матыевди эскерүү мелдеши өтүп жүрөт. Бирок учурда өлкөдө хоккей командаларын түзүү демилгеси колдоо таппай турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG