Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Мурунку президент Аскар Акаевдин саясатындагы эң ири кемчиликтердин бири кадр саясатындагы алешемдиктер аталчу. Азыркы президент Курманбек Бакиевдин кадр саясаты ошол мезгилди эске салып жатканы кеңири айтылып келатат. Анын акыркы мисалдары катары, министрлик ишке киришүү алдында парламентте ант бергенден кийин жума узабай ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин кызматтан алынышы, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун шашылыш кызматтан четтетилиши аталууда.

Президент Курманбек Бакиевдин кадр саясатына сын арбын айтылып келет. Ал акыркы кездеги тынымсыз кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу ого бетер күчөдү.

Маселен, президент Бакиевдин тандемдеши Феликс Кулов кызматтан четтетилгенден кийин анын ордуна премьер-министрлик кызматка «көпүрөө…» болом деп келген Алмазбек Атамбаев да жыл айланбай түшүнүксүз себептер менен кызматтан четтетилди. Ага чейин бир-эки иштеп-иштей элек Азим Исабеков өкмөт башчылыктан сүрүлдү.

Алмазбек Атамбаевдин ордуна келген Игорь Чудинов маалымат каражаттарына берген интервьюсунда, орус болгондугу үчүн премьер-министрлик кызматка келгендигин кыйыр түрдө тастыктап, менде президенттик амбиция жок, кыргыздарда болот эле, деген пикирди кыйытты.

Президенттин кадр саясатындагы акыркы түшүнүксүз жүрүштөр УТРКда жемиштүү иштеп жаткан Кыяс Молдокасымовду, жаңыдан ишке киришкен айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Сооронбай Жээнбековду жана ички иштер министри Болотбек Ногойбаевди бошотуп, Алмазбек Атамбаев коррупцияга байланыштуу айыптап, мамлекеттик материалдык резерв боюнча агенттиктен кызматтан алууну талап кылган Жумасарлык Нуржановдун антимонополдук кызматка келиши менен коштолду.

Албетте, бул тизмеге каржы министри Тажикан Калимбетованы да кошууга негиз бар. Бул айым министр президент менен туугандыгын шардана айтып, ошол эле кезде «мамонттордой» кырылып бараткан кыргыз атуулардына тиешелүү банктардын экөөсүнүн бири болгон «Кыргызөнөржайкурулушбанкты» курмандыкка чалуудагы кызматы менен министрликке келип жатканы байкалууда.

Эгерде Иосиф Сталин «Кадрлар баарын чечет» деген саясатты жүргүзсө, кыргыз президенти «кадр саясатын мен чечем» дегенди негизги ураан кылып алгандай.

Оппозициялык «Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов азыркы бийликтин кадр саясатына карата мындай пикирин билдирди:

-Биздин мамлекеттик структурада, жалпы эле саясатта туруксуздук болуп жатат. Саясатчылардын да, бийликтегилердин көз карашында да туруксуздук орун алууда. Ошондуктан бул кадр маселесинде да туруксуздукка алып келүүдө. Мурунку президент Акаевдин кадр саясатында абдан чоң кемчиликтер кетирилген. Азыр да ошондой болуп жатат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо өлкөдө мамлекеттик кадр саясатынын жоктугун белгиледи:

-Кадр маселеси Кыргызстанда өтө курч болуп атат. Өзүбүздө туруктуу, ырааттуу кадр система курулган жок. Кадрларды тандап алуунун системасы жумшагыраак айтканда криминалдашып кетти. Жеке берилгендиктен мурун дагы ар бир кызмат орундун баасы болуп жатат. Кызматтардын сатылып жатканы эч кимге жашыруун эмес.Ким канча төлөсө, ошол келип кызматты ээлеп, иштеп жатат. Ошондуктан кадр саясатында ушундай баш-аламандык болуп жатат.

Президенттин тарапкерлери болсо президент өз командасын түптөөгө жана өзү тандаган кадрлар менен иштөөгө укуктуу деген пикирди айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG