Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Парламент бүгүн президенттин сунушунун негизинде шашылыш түрдө Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды.Президенттин мындай сунушуна бир катар соттордун анын үстүнөн арызданган каты себеп болгону айтылууда. Курманбек Осмонов өзү болсо муну саясий ишмердигине, сот реформасы боюнча ачык айткан пикири жакпай калганы менен байланыштырууда.

Жогорку Сот төрагасын кызматтан алуу маселесин парламент төрагасы Адахан Мадумаров президент суранып жаткандыгына негиздеп күн тартибине кезексиз киргизди. Бул маселени шашылыш карап берүүгө көпчүлүк депутаттар макул болушту.

Президенттин сунушу парламенттин укук, мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде кечээ кечинде каралды деген маалымат айтылды.

Аталган комитет Жогорку Соттун төрагасын кызматтан алуу сунушу мыйзамга туура келет деген чечимин чыгарып берген. Комитеттин төрайымы Лейла Сыдыкованын айтымында, 50 дөн ашуун облустук, шаардык, райондук соттордун атынан президент К.Бакиевге арыз келип түшкөн. Анда Курманбек Осмоновдун иш алып баруусу сот системасынын азыркы талаптарына жооп бербей тургандыгы, төрага тарабынан сот системасын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген аракеттер болуп келгендиги жана башка себептер айтылган.

Курманбек Осмонов болсо парламентте сүйлөгөн сөзүндө сот реформасы тууралуу ачык-айкын пикири жакпай калганын, жергиликтүү соттордун айрым төрагаларын президенттик администрациянын өкүлдөрү чогултуп, ушул кайрылууну иштеп чыгышканын айтып, кандай болгон күндө да катта жазылгандар текшерилиши керектигин билдирди:

- Катта жазылгандар чынбы же жалганбы? Чын эле Осмонов келип алып төрт жылдан бери деструктивдүү иш менен алектенип жатабы. Мага ушул жагы өкүнүчтүү. Ал эми президентке менин нааразылыгым жок. Мен ар качан, кандай кызматта болбосун бийликтин бардык бутактары менен конструктивдүү иш алып барууга дайыма аракеттенип келгем.

Талкуу учурунда депутат Роза Отунбаева бул маселенин тиешелүү комитетте каралганынан күмөн санаганын билдирип, Курманбек Осмоновдун кызматтан бошотулушун саясий куугунтук катары баалады. Ошондой эле бул катты депутат Роза Отунбаева 1930-жылдардагы - Сталин бийлигинин каттарына окшотту.

- Жолдош Осмонов 2005-жылдын мартындагы ыңкылаптан кийин эле бошотулуш керек болчу. Макул эми ушу күнгө чейин иштеди. Эми минтип бир паста эле, эч каралбай туруп, бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылып отурат. Бул саясий куугунтук деп эсептейм. Азыркы бийликке бу киши жакпай атыптыр. Жанагы 50 адамдын колу коюлган каттан 37-жылдын жыты келип жатат бул жерге.

Роза Отунбаева парламент азыр соттор кантип иштеп атканын, реформа болуп атабы же жокпу деген маселени карабай эле Жогорку Сот торагасын саясий негизде бошотуп жатканын кошумчалады.

Курманбек Осмоновду кызматтан бошотуунун мыйзамдарда каралган процедуралары сакталбай, шашылыш каралганын депутат Исхах Масалиев да баса белгиледи:

- Бул маселени шашпай, адегенде Адилеттүүлүк боюнча улуттук кеңеште, андан кийин тиешелүү комитеттерде карап, сунушту туура жол менен алып чыкканда туура болмок. Минтип күчкө салып эле, президенттин жанындагылар «Шеф, сиздин укугуңуз бар, коркпоңуз»,- деп кеңеш берип коюп эле, анан кадам-кадам ушундай каталарды кетире берген болбойт.

Ошентип маселе добушка коюлуп, депутаттар 63 добуш менен президенттин сунушун колдоп берди. Парламент чечиминен соң Курманбек Осмонов бул иш атайын уюшулганын журналисттерге дагы бир жолу билдирди:

- Конституциялык, соттук-укуктук реформага болгон көз карашым айрым сотторго жакпай калган имиш. Эми бул күлкү келээрлик эле иш да. Ошол эле кол коюп берген соттор мага телефон чалышып, кечирим сурашып, «бизди туура түшүнүңүз, ушундай болуп калды, кол койбосок бизди эртең кызматтан кетирет», деп атышат.

Курманбек Осмонов ошондой эле бул иш акыркы бир нече күндө эле жүрүп, өтө ыкчам ишке ашканын, мындай кол топтоо болуп жатканын ал мурда күнү билгенин кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG