Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

КЕРИМ ЫРЧЫ ДЕПУТАТТЫКТАН КЕТТИ


Кыргыз эл артиси, “Ак жол” партиясын жан үрөп үгүттөө менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Керим Турапов 17-январь күнкү парламент олтурумунда атайын кайрылуу менен чыгып сүйлөп, депутаттык мандаттан баш тарткандыгын жарыялады. Бул окуяга оң карагандар да, азыркы парламенттен баш тартуу дагы арбыйт дегендер да бар.

Парламент олтурумундагы кайрылуусунда атактуу ырчы, Кыргыз эл артисти Керим Турапов “Ак жол” партиясына үгүт жүргүзүүдө аянбай иштегенин, азыркы спикер Адахан Мадумаров менен төрт облустун эли-журтун дээрлик кыдырып чыгышкандыгын, ал үчүн сыймыктанарын айтты:

- Эгерде сиздер мени элдик артист деп билсеңиздер –
мен ошол маданий чөйрөдө эмгектенейин деп атам, тактап айтканда, мурдагы кызмат ордума – Кыргыз улуттук филармониясынын башкы деректирлик кызматына кайра кетүүнү чечтим.


Бир гана түшүнүксүз жери – Керим Тураповдун: “Мен ал сунушту кабыл алдым,” деген сөзү болду. Кимдердин сунушун?..

Бир топ ыраазычылык сөздөрүн айтып бүтүп, дароо эле чыгып кетүүгө камынган Керим Тураповду спикер Адахан Мадумаров: “Жо... сиз ордуңузга олтуруңуз азыр эми...” –
деп токтотуп, Керим Тураповду бир эле Кыргызстанда эмес, Борбордук Азияда, КМШ өлкөлорүндө алтын добуш ырчы катары мыкты билерин, ал азыр Улуттук филармониянын эле деректири эмес, Кыргыз Республикасынын Президентинин маданий иштер боюнча кеңешчиси да болуп кетип аткандыгын билдирди. Ийгиликтерди каалады.

Президенттик акимчиликтин басма сөз кызматы бир-эки сааттан кийин эле Керим Турапов Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалгандыгын жарыя кылды. Демек, баарысы алдын ала макулдашылгандай.

Кыргыз эл артисти, төкмө Тууганбай Абдиев бул окуяга кайдыгер карабайт. Депутат болгондо маданият маселелерин парламентте көтөрүп турат деп сүйүнүптүр, эми кайра филармонияга келатканда бул жердин ишине ал камыр-жумур болуп бүткөн, демек, дагы мыктылап иштейт деген үмүттө.

Азыркы Жогорку Кеңеш депутаттыгынан Керим Турапов биринчи болуп баш тартып аткан жери жок. Буга чейин Славян университетинин ректору Владимир Нефадьев, Травматология жана ортопедия улуттук борборунун башкы деректири Сабырбек Жумабековдор өз каалоолору менен кайра мурдагы кызмат ордуларына барышкан. Сабырбек Жумабеков депутаттык ант бере электе кеткендигине айрыкча маани берет:

- Эгерде Жогорку Кеңеште мен ант берсем, анда ал жерде калып иштешке туура келет эле. Ант деген сөздү мен аябай ыйык, бийик тутам.

Ушунча кетет экен - эмне үчүн Керим Турапов депутаттык ант бере электе, бир айга жетпеген убакыт мурда кеткени жок?

“Бул жерде сөзсүз бир нерсе бар...” – дейт белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Бишкек гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкулов:

- Керим Турапов, менимче, азыркы депутаттардын деңгээлин көрүп, мурдагы депутаттар менен салыштырып, өтө төмөн экенине көзү толук жеткенде анан ушундай чечимге келди деп ойлоймун.

Тилектеш Ишемкулов азыркы Жогорку Кеңештин мүчөлүгүнөн кетүү жараяны Керим Турапов менен эле токтобойт деп эсептейт.

Эми Керим Тураповдун арызын Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алып, Тураповдун ордуна “акжолчулардын” тизмедеги бирөөсүнө депутаттык мандат камдаш керек.

XS
SM
MD
LG