Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37

ГРУЗИЯДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ


Грузияда саясий кырдаал жөнгө салынбаган бойдон кала берүүдө. Оппозиция Михаил Саакашвили жеңүүчү деп жарыяланган президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылууну улантып жатат. Шайлоодон чабал чыккан Саакашвили өз кезегинде саясий диалогго барууга мажбур абалда калды. Ошол эле учурда эки тарап тең жазга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрө башташты.

Грузияда оппозиция 5-январдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына расмий нааразылык билдирүүнү улантууда. Шайлоонун жыйынтыгында президент Саакашвили добуштардын 53 пайызы менен экинчи мөөнөткө шайланды деп жарыяланган эле. Бирок бул бүтүмдү кайра карап чыгуу тууралуу сөз кылуу мүмкүн болбой калды көрүнөт. Анткени, парламенттик шайлоо жакындаган сайын оппозиция аздап болсо да, айрым артыкчылыктарга ээ болууда.

Мисалы, 15-январда оппозиция өкүлөрү Грузиянын мамлекеттик радио-телесинин жаңы директорлор кеңешин түзүүгө катышуу укугуна ээ болушту. Эми оппозиция Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын аныктоого да аралашып калабыз деп үмүттөнүп турган кез. Бирок өкмөт бул өзгөрүүлөрдү оппозициянын талаптарына баш ийүү деген ырастоолорду четке кагууда.

Деген менен Саакашвилинин командасында кызматташттык жана диалог тууралуу улам көбүрөөк айтыла баштады. Ушуга байланыштуу буга чейин Сакашвилини бир жактуу колдоп келген Батыш өлкөлөрүнө Грузиядагы жаңы таасирлүү күч менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Аналитик Бакур Квашилаванын пикринде, эгер оппозиция быйыл жазда парламенттик көпчүлүктү камсыздай алса, бул Грузиянын саясий өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизмекчи:

– Эгер оппозиция парламенттик шайлоодо жеңип чыкса, Грузияда саясий маданият кескин өзгөрөт, анткени өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери бир биринен өз алдынча болуп калат - өлкө көзөмөл жана тең салмактуулук системасына иш жүзүндө ээ болот.

Оппозициялык коалиция ар кошкон күчтөрдөн турат. Анда советтик доордогу диссиденттер жана башка демократиялык күчтөр кирген ардагер Республикачыл партиясы менен катар, популисттик жана улутчул Консервативдик, Элдик партиялар бар. Баяндамачы Квашилаванын болжолунда, оппозиция азырынча ынтымакташып иштей берет, бирок добуш берүү аяктагандан кийин, чачырап кетиши мүмкүн. Ушундан улам Квашилава учурдагы оппозициячыл коалицияны таасирдүү саясий биримдик деп санаган эртелик кылаарын мындайча эскертти:

– Оппозицияга күчтүү саясий блокко айланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Аларга шайлоочулар күчтүү платформалары үчүн добуш берген жол. Бул добуштар өкмөткө нааразылык билдирүү үчүн берилди. Бирок бул массалык нааразылыкты туруктуу колдоого айланта алса, оппозицияда салмактуу саясий күч болууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Азыр Саакашвилинин экинчи кызмат мөөнөтүнө киришүүсүн салтанаттуу белгилөөгө даярдыктар жүрүүдө. Салтанат байыркы Кутаиси шаарында 20-январда өтөт. Ага тушташ оппозиция демонстрацияларды өткөрүүнү пландап жатат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG