Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Өзүнүн алгачкы өзөктүк энергетика станциясын курууну пландап жаткан Түркиянын Стамбул шаары бүгүн эл аралык “Өзөктүк энергетика аренасына” кожоюндук кылат. Жергиликтүү жана чет элдик энергетика тармагынынын өкүлдөрү менен бир катарда көптөгөн академиктер ат салыша турган жыйынды өлкөнүн табыйгы ресурстар жана энергетика министири Хилми Гүлер мырза ачат.

Жыйын учурунда өзөктүк кубат жана өзөктүк энергетика станциялары бардык жагынан талкууга алынып, катышуучулар өзүлөрүнүн баяндамалары менен чыгып сүйлөшөт. Алардын катарында, эл аралык атом энергия башкармасы МАГЕТАнын өзөктүк кубаттуулук бөлүмүнүн башчысы Акира Омото, АКШнын ядролук энергетика комиссиясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Петер Лайынс, Energy BADEN; General Electric өңдүү чет элдик фирмалардын өкүлдөрү, Түркиянын президентинин энергетика боюнча кеңешчиси Волкан Эдигерлер жана бир катар жергиликтүү өнөр-жай ишмерлери бар. МАГЕТАнын өзөктүк кубаттуулук бөлүмүнүн башкысы Акира Омото мырза, “өзөктүк энергетикага которулууну көздөгөн өлкөлөргө берилүүчү МАГЕТАнын жардамы” деген бир баяндама жасайт. Америкалык өкүл Лёнс болсо, “өзөктүк энергетиканы иреттөөдө америкалык тажрыйба” деген темада сүйлөйт. Жыйынтыктоочу олтурумуна улуттук парламенттин айрым депутаттары жана Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Хаккы Акыл да катыша турган жыйында жалпысынан, өзөктүк энергетиканын тегерегиндеги проблемаларды чечүү жолдору изделет.

Кийинки жылдардын ичинде нечен жолу күн тартибине коюлуп, түркүн себептер аркылуу такай алдыга жылдырылып келаткан өзөктүк энергетика станциясын куруу маселеси, чыгыш менен батыштын ортосунда энергетика коридору болгусу келген жана бул багытта бир топ үзүрдүү кадамдарды таштаган Түркияда кайрадан өкүмөттүн күн тартибинде. Мунун себеби бир гана, стратегиялык товар катары энергетиканын маанисинин улам өсүшү же мунайдын баасынын эл-аралык базарларда 100 долларга барып такалышы эмес. Серепчилердин пикиринде, катуу чилде бүт өлкөнү туткунга алган ушу күндөрдө Ирандын Түркияга табигый газ сатышын белгисиз убакка токтотуп коюшу жана табыйгы газ соодасы тууралуу Росия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан чыр-чатактар көрсөтүп олтургандай, энергетиканын өлкөлөр аралык карым катнашта бул же тигил маанидеги кандайдыр бир рычаг катары колдонула башташын, кошунасы Иран өзөктүк программасын өнүктүрүп жатышын эсепке алганда Түркиянын өзөктүк энергетикага өтпөскө анча айласы жок.

Өзөктүк энергетика бир гана тынчтык максатта пайдаланылуусу керек экенин билдирип келаткан Түркия 3 өзөктүк энергетика станциясын кура турганын билдирүүдө. Түркия аны менен эле чектелбестен, уранды байытуу боюнча улуттук борборун куруу аркылуу ал станцияларга керектүү отунун өзү өндүрүүнү, а түгүл тынчтык максаттарда башка өлкөлөргө да сатууну пландайт.
XS
SM
MD
LG