Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону “Дордой-Динамо” командасы КМШ жана Балтика өлкөлөрү боюнча эл аралык чемпионатка катышуу үчүн бүгүн Санкт-Петербургга жол тартышмакчы. Маалыматтарга караганда кыргыз футболчулары 19-январда Латвиянын “Ветсплис”, 20-январда Грузиянын “Олимпи Рустави”, 22-январда Сербиянын ОФК командасы менен ойнойт. “Дордой-Динамонун” башкы машыктыруучусу Борис Подкарытов. (AJ)