Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

12:45 Москва районунда нааразылык митинги өтүүдө


Аталган райондун тургуну Улан Рыскуловдун берген маалыматына ылайык, кечээ жергиликтүү бийлик Чапаев айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Соодабек Тикенбаевди кызматтан алып, ордуна ал айылда жашабаган Совет Орозалиевди шайлаган. Ошол себептүү бүгүн аталган айыл өкмөттүн тургундары жергиликтүү бийликке карата нааразылык акциясын башташты. Учурда нааразы болгондор Москва райондук акимчиликтин алдына чогулуп, эл каалаган адамды айыл өкмөт башчылыгына шайлап берүүнү талап кылышууда. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо мурдагы айыл башчысы өзүнүн арызынын негизинде кызматтан четтетилип, С.Орозалиев убактылуу милдет аткаруучу болуп шайланганын айтууда.(JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG