Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

13:05 Эл аралык уюмдар тарабынан Кыргызстанга сарык оорусун айыктыруучу дары берилди


ADRA International уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү AmeriCares донорлук уюму тарабынан берилген 9 млн 622 миң долларлык “Интерферон” дарысын саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди. Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун маалымдашы боюнча бул суммадагы дары менен 500 миң кишинин өмүрүн сактап калууга болот. Ошондой эле анын белгилешинче сарыктын С түрүн дарылоо өтө кымбатка тургандыктан, оорулуулардын 5-7% гана дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп келишкен. Тилекке каршы бул оору менен ооругандардын саны жыл өткөн сайын өсүп жатат, өзгөчө Ош облусунда сарык өтө жайылууда, дейт саламаттык сактоо министри. (ZKo)

XS
SM
MD
LG