Жапониядан келген он бир профессор JDC долбоорунун негизинде бул өлкөдөн окуп келүү үчүн татыктууларды тандашат.Бул тууралуу мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктен маалымдашты. Аталган долбоор боюнча жыл сайын мамлекеттик кызматтагы 20адам Жапониянын университеттеринде окуп келишет. Алардын алгачкылары өткөн жылдын сентябрь айында окууга жөнөп кетишкен. (AiJu)