Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ: БАЙБОЛОВДУН САЯСАТТАН КЕТИП ЖАТКАНЫ КООПТОНДУРБАЙ КОЙБОЙТ


Белгилүү саясат таануучу Токтогул Какчекеев Курманбек Осмоновдун Жогорку Сот төрагасы кызматынан алынышы, Кубатбек Байболовдун саясаттан кетип жатышы жана оппозиция түзгөнү жаткан коомдук парламент өндүү соңку саясий окуялар боюнча өзүнүн көз карашын, ой-пикирин бөлүштү.

- Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан алынышын айрым талдоочулар саясий тапшырма деп айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул көз караш чынында аныкталган нерсе, анткени Курманбек Осмонов иштен бошоду. Бирок муну саясий заказ деп айтыш деле туура эмес. Анткени, бүгүнкү күндө 24-марттагы окуядан кийин кадр саясаты чектелип, өзүнүн багытын алган. Ошондуктан бүгүнкү күндө “Ак жол” партиясы 84 пайыз орунду парламенттен алгандан кийин, мамлекеттик бийликтин бир бутагы президент тараптык, экинчиси сот бийлиги болуп атат. Сот бийлиги Курманбек Осмоновду жылдырыш керек болчу, анткени бул киши мурунку системадан калдык болуп калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө кандайдыр бир жол табылып, ушул окуяга баарыбыз күбө болуп отурабыз.

- Ошентсе дагы парламенттин Жогорку Сот төрагасын кызматтан чететтүүсү канчалык мыйзамдуу?

- Тилекке каршы, биздин мамлекетте мыйзамды кабыл алганыбыз менен биз мыйзамды тутуп, ыйык санап, ошол жол менен баргандан баш тартып жүрөбүз. Мына ошонун негизинде алдыда дагы 5-6 жылдык мөөнөтү бар Жогорку Cоттун төрагасы иштен чететтилип отурат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз мыйзамдын туруктуулугуна, ыйыктыгына жана аны тутканга жолду көрсөтүп атабыз. Адамдын, ишмерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин бүгүнкү күндө эртеңки тагдыры боюнча ишеним болбойт. Анткени, ушул жол дайыма колдонулуп, жаңы өзүнүн командасы менен ишти алып баратат. Команда деген сөз, бул менин кишилерим деген сөз болуп атат. Ал эми мамлекеттик кызыкчылыкта бул чоң палитра болуш керек, ар кайсы тараптан, керек болсо оппозициядан адамдар тартылып иштеш керек.

- Белгилүү саясатчылар Байболовдордун чоң саясаттан кетүү чечимине сиздин пикириңизди уксак?

- Кубатбек Байболов кайсы тарабынан карасак дагы белгилүү адам. Бул киши эски КГБнын кадрларынын бири болот. Орустар тамаша айткандай, КГБда иштеген адам кечээки, же бүгүнкү персонал болбойт, бул түбөлүк КГБда иштеген адам деп. Мына ушундай адам бүгүнкү күндө өзү баш тартып үй-бүлөсү менен жарыя бергендиги бул өтө кооптондурат бир четинен, булар аябай коркунуч абалда болгон. Экинчи жагынан, Кыргызстанда чынында саясат, мыйзам жок, ага таяныштын кереги жок. Андан көрөкчө өзүбүздүн бизнесибизди өндүрөлү деген ой менен жанагы жараянды берип, четтенгени ошол болуп атат.

Мындай адамдардын баaрын тең 18-19-кылымдагы орус падышачылыгында атуулдук өлүм жазасына тарттырып салышчу, же баарын өз оюнан, өз пикиринен баш тарттырган. Бирок, бул туура эмес. Анткени, кыргызда илгертен бери келаткан сөз бар "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деген. Ошондуктан, кыргыз мамлекетинде белгилүү саясатчынын тилин, акылын, элге болгон сезимин чектеп коюу - бул туура эмес.

- Кыргызстанда коомдук парламент түзүү демилгеси көтөрүлдү. Эл аралык тажрыйбада коомдук парламенттин ролу канчалык?

- Чынын айтканда граждандык коом бийлике күмөндөр болуп калганда, ушундай граждандык парламент түзүлөт, андан тышкары граждандык өкмөт түзүлөт. Анткени катадан ката кетип, кырдаал курчуп баратканда ушундай жол менен мамлекетти сактап калыш керек деген ой туулат жана мамлекетке ушундай жол менен катачылыгын көрсөтөлү деген жол болот. Менин оюмча Россия мамлекети 100 адамдан коомдук кеңеш деп түзүп койду эле, бизде деле президент кооммчулуктун катмарынан ошондой түзүп койгондо туура иш болот эле. Ошондуктан кемчиликтердин баарын көрүп турган сезимталдуу адамдар, мамлекетти көтөрөм деген адамдар ушундай жолго барып атат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG