Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

18:55 Нарында борбордук базардын соодагерлери облустук акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты


17-январда 22 адам губернатор Өмүрбек Субаналиевдин кабылдамасына чейин барышып, аларды соода кылган жерлеринен күч менен кубалоо башталганын билдиришти. Кеңседен сыртка чыга калган губернатордун жаалданган адамдарды төмөн түшүүгө жасаган сөзү суу кечкен жок. Акыры сүйлөшүү облакимчиликтин жыйындар залында өткөрүлүп, анын ичине губернатордун биринчи орунбасары Мирадил Бакашов, шаардын мэри Бейшенаалы Боогачиев катышты. Бийлик мыйзамсыз жерде соода кылууга жол берилбестигин белгилеп, нааразы болгондорго бөлөк жерден орун таап берүүгө милдетин алгандан кийин соода кылгандар тарап кетишти. Ал эми 18-январда болсо базардын айланасындагылар кайрадан көчө бойлорунда соода кылып жаткандыктары белгилүү болду. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG