Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

БОЛГАРИЯ ОРУСИЯНЫН ГАЗЫНА МУРАП БОЛОТ


Амирбек Усманов, Прага Болгария Орусиянын газын Европага чыгарчу “Түштүк агымы” долбооруна кошулду. Болгар өкмөтү мындай чечимди президент Путиндин Софиядагы эки күндүк ырасмий сапары тушунда күтүүсүздөн кабыл алды. Жаңы газ кууру Евробримдиктин Орусиянын отун энергиясына болгон көзкарандылыгын азайтуу үмүтүн текке кетириши мүмкүн.

Болгар өкмөтү “Түштүк агымына” кошулуу жөнүндөгү чечимди жума күнү өткөн кезексиз жыйында кабыл алды. Премьер- министр Сергей Станишевдин билдиришинче, София долбоордо 50 проценттик үлүшкө макул болгон. Болбосо, Путиндин визити алдында эле Болгар өкмөтү акциянын көбүрөөгүн бергиле деп, өлкө аркылуу өтчү газ боросунун курулушуна кошулууга макул болбой жаткан.

Кара деңиздин асты аркылуу Болгариянын Бургас портуна чыкчу боро андан ары үч багытка: Австрияны, Грекияны жана Италияны көздөй тартылат. 10 миллиард долларлык бул долбоорду Орусиянын Газпрому менен Италиянын “Eni” компаниясы сунуш кылган.

Президент Путин келишимге кол коюлгандан кийинки сөзүндө, жаңы газ боросу Орусиянын башка өлкөлөр менен болгон карым- катнашына зыян келтирбесин белгиледи:

-Мен жаңы инфраструктуранын курулушу биздин башка транзиттин өлкөлөр менен болгон кызматташуубузду кыскартпай турганын баса белгилегим келет. Жаңы жолдордун курулушу коопсуздукту бекемдейт, стабилдүүлүккө салым кошот жана энергия ресурстарын европалык керектөөчүлөргө жеткирүүнүн мүмкүнчүлүгүн дагы кеңейтет.

Болгария Европа биримдигинин мүчөсү. Андыктан, Софиянын долбоорго кошулуусу Евробиримдиктин Орусиянын отун энергиясына болгон көзкарандылыкты кыскартуу мүдөөсүнө каршы жасалган кадам болду.

Брюссель жана Кошмо штаттары Каспий регионун Түркия аркылуу Европага менен туташтырган “Nabucco” газ куурун курууга кызыкдар. Орусияны айланып өтчү бул куур саясый- экономикалык себептерден улам алиге токтоп турат. Бирок, Еврокомиссиянын өкүлү Эспуни биримдик “ Nabucco” куурун куурудан баш тарта элек жана башка альтернативалуу долбоорго да каршы эмес экенин бейшемби күнү билдирген:

- Арийне, “Nabucco” түрдүү аймактардын газын ар кыл жолдор менен Европанын базарына алып келип, атаандаштыкты жана коопсуздукту жакшырткандыктан, Еврокомиссия “Nabucco” долбоорун өз приоритети деп билет. Бирок, Комиссия башка бирөөлөрдүн куур куруусуна каршы эмес. Бул алардын эрки. Бир эле булактан газ көп келсе, камсыздоо да ишеничтүү болот. Евробримдикте газга деген талап чоң болуп баратат. Ошон үчүн кошумча булактын болгонун колдойбуз.

Путиндин Болгариядагы сапары кезинде тараптар отун энергиясына байланыштуу 4 миллиард долларлык келишимге да кол коюшту. Ага ылайык, Дунай дарыясынын боюндагы Белене шаарында жаңы атомдук станция курулат.

XS
SM
MD
LG