Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

ЖЕКШЕМБИ КҮНҮ СЕРБИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛОО ӨТӨТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мамлекет башчылыгынын ордун ээлөө үчүн бардыгы тогуз талапкер ат салышуда. Шайлоо алдында жүргөн курч талаш-тартыштарга карап анализчилер президентик орунду ээлөө экинчи айлампадан соң гана ишке ашат дешет. Айрыкча белгиленген манай - бул жолку өтүп аткан шайлоодо бардык талапкерлер чакырган урааны «Күчтүү жана ырааттуу Сербия!» болгон. Ошол эле учурда алардын ар биринин башкы темасы - Косово маселеси болгонун айтышат. Алардын алдында же Косовонун эгемендүүлүккө чыгуусу же Сербиянын европалык коомчулуктан четте калуусу турганын айтышат.

Жекшембиде Сербияда президентти шайлоо өтөт. Жогорку орунду талашып аткандар эсеби тогуз. Бирок талапкерлер арасынан жарышта жеңүүгө чамасы келе тургандары экөө дешет. Алар азыркы мамлекет башчы Борис Тадич, ал Демократиялык партиянын лидери дагы экен, анан ага оппозицияда турган сербдик радикалдык партиянын лидери Томислав Николич дешет анализчилер. Дагы бир божомол, биринчи ат салыш Николичтин 21 пайыз, Тадичтин 19 пайыз добуш алуулары менен аяктай тургандыгы, ошол себептүү шайлоонун экинчи айлампасы 3-февралда өткөрүлөрү болууда.

Дүйнөлүк коомчулук болсо ушул шайлоодон соң Сербиянын Европалык коомчулукка толук кандуу мүчө болуп кошулары же андай мүмкүнчүлүктөн каңтарыларын айтышат. Сербиядагы шайлоодо башкы маселе Косовонун өз алдынча бөлүнүү укугуна келип такалууда. Ал маселенин чечилишинде Белград сыңары Приштина да айтканынан кайтпай катуу турушууда. Алардын чатагында Вашингтон Косовонун бөлүнүп чыгуусун жактап, ал эми Маскөө Косовонун Сербиянын ичинде калуусун жакташууда.

Маселен, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөгөн президент Борис Тадич мындай деди:

«Сербия эч убакта Косовонун эгемендүүлүгүн тааныбайт жана өзүнүн жеринин бөлүнүп жарылбастыгын демократиялык жол менен сактап алат. Сербия күч колддонууга барбайт».

Косово 1999-жылдан бери Бириккен Улутар Уюмунун башкаруусу астында. Ал НАТОнун учактары Слободан Милошевичтин аскерлерин Косовону таштап кетүүгө аргасыз кылгандан бери косоволуктардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө. Ал согуш албандыктарды кырганы үчүн батыш Белградды күнөөлөгөндөн соң чыккан.

Белград азыр ал жеринин үстүнөн контролдук кылбаса да Косовонун эгемендүүлүкө чыгуусуна каршы экенин билдирүдө. Белграддын аракетин Орусия колдоп келет. Ошол эле БУУнун баш кенсесинде өткөн олтурум үстүндө Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин мындай деген:

«Эгерде ал крайдын (Косовонун – ММ) өз алдынча бир тараптуу эегемендүүлүгү жарыяланса, анда Орусия аны Бириккекн Улуттар Уюмуна өткөрбөйт».

Кечээ Болгарияда иш сапары менен жүрүп президент Владимир Путин да:«Бул жерде биз алган жол айдан ачык – Косово боюнча кандай гана чечим кабыл алынбасын, эки тарап тең колдоого алгандай болушу керек», – деген.

Маскөө эгерде Косовонун көз карандысыздыгын дүйнөлүк коомчулук тааныса, анда Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын да эгемендүүлүгүн тааныйт деп коркутууда. Ушул себептен Сербияда өткөнү жаткан президенттик шайлоодо өзгөчө маанай пайда болгонун айтышат.
XS
SM
MD
LG