Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ЖАШТАР “МЕН ИШЕНБЕЙМ...” АКЦИЯСЫН ТОКТОТПОЙТ


Касымалиева Аида, Бишкек. Бүгүн баш калаабызда “Мен ишенбейм...” деген аталыштагы кеңейтилген жыйын болуп өттү. Жыйында жаштар азыркы Жогорку Кеңешти мыйзамсыз деп таанып, анын бардык чечимдерин жокко чыгарууну, БШКнын башчыларына карата кылмыш ишин козгоону талап кылышты.

Жаштарды бириктирүү, аларды бир күчкө айлантуу – кеңейтилген жыйындын негизги максаттары, дейт “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучусу Жоомарт Сапарбаев.

- Ал эми экинчи максатыбыз – шайлоо убагында, ага чейин жана андан кийин кандай мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы туралуу жаштарга толук маалымат берүү .

Жоомарт Сапарбаев “бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан куугунтукка алына баштасак да, акциябызды уланта беребиз, мындай талкуулар массалык түрдө өз оюбузду билдирүүнү бир формасы” деди.

- Мына азыр да Улуттук коопсуздук комитетин өкүлдөрүн көруп жатабыз. Ал эми көчөдө Биринчи май райондук ичик иштер бөлүмүнүн кызматкерлери толугу менен турушат. Алар бизди митингге чыгат деп коркуп жатышат окшойт, - деген пикирде Жоомарт Сапарбаев.

Мирзат Аджиев, жыйынды уюштуруучулардын бири. Ал “улуу муундун каталарын кайталагыбыз келбейт” деген ойго басым жасады:

- Биз эмне, улуу муундун жолун кайталай беребизби? Жаштар өзүнун жолун тандап алышы керек, убакыт келип жетти.

Мирзат Ажиевдин ою боюнча жаштар арасында мыйзамдарды чечмелөө иштерин жүргүзүү келечекте чоң жыйынтыктарды берет.

“Мен ишенбейм” акциясынын катышуучулары жаштарды саясий курал катары бийлик гана колдонбостон, оппозиция да колдонууда деген ойго каршы пикирин билдиришти.

- Жок, биз бир топтун кызыкчылыгын көздөп жаткан жокпуз. Мына бүгүнкү жыйынды да өз эсебибизден өткөрүп жатабыз,- деди Мирзат Ажиев.

Жаштар чынында эле реалдуу күчпү? Алардын каршылык көрсөтүү кубаты канчалык? Бул суроого жыйынга катышкан “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири, экс депутат Темир Сариев мындай деп жооп берди:

- Бийлик жаштарды коркутуп-үркүткүсү келип жатат. Бирок биз күбө болгондой, бул жыйынга эки-үч жолудан кармалган жаштар кайра эле келип жатышат жана келе беришет. Жаштарды камоо – бул проблеманы чечүүнүн жолу эмес. Тескерисинче, жаштардын талаптарына бийлик жооп кайтарышы керек. Бирок бийлик адатынча коркутуп-үркүтүү, басым жасоо методун колдонууда. Ооба, алар эки-үч кыз-жигитти камашат, макул 10 адамды камашсын. Бирок, бардыгын камай алышпайт да. Кеп башкада, жаштар көтөрүп жаткан суроолор – жөн эле сөздөр эмес да. Алар реалдуу проблемаларды көтөрүп жатышат. Көчөгө чыгып көргүлөчү, баары келип мен ишенбейм деп жатышат. Мен ойлойм, бул оппозицияга боор оору эмес, бул алардын чыныгы позициясы,- деди Темир Сариев.

“Кылым шамы” борборунун жетекчиси Азиза Абдрысулова да жаштардын корккон жери жок деген ойдо.

- 2-3 жолу камалган жаштардын укугун өзүм коргоп жатам. Алардын бирөөсү да “болду, мен эми чыкпайм” деген жок.

Ал эми биз Темир Сариев сунуштагандай эле, көчөгө чыгып, “Мен ишенбейм...” акциясын билесинерби деген суроону кээ бир жаштарга узаттык. Бизге жолуккан жаштар “жок, билбейбиз, биз стабилдүүлүктү каалайбыз, жаштар баары бир эчтеке чече албайт” деп жооп кайтарышты.

“Мен ишенбейм” деген турумдан тышкары “мен стабилдүүлүк үчүн деген” ойдун популярдуулугу боюнча Мирзат Ажиев мындай ойдо:

- Мындай жаштар мамлекеттик машинадан коркуп жатышса керек, ал эми экинчилерин маалымат жетишпейт,- деди Мирзат Ажиев.

Атын атабоону суранган шаарыбыздагы бир окуу жайдын студенти “Мен ишенбейм...” акциясына кошулгусу келет, бирок бара албайт. Себеби окуудан айдап жиберишет деп коркот.

-Мен өзү университеттеги активистмин. Мен менен окуган студенттер деле шайлоонун жыйынтыктарына нааразы. Бирок биз конрактка көп акча төлөйбүз. Анан бизди айдап жиберишсе, ата-энебиз кыйналат го”.

XS
SM
MD
LG