Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ӨЛКӨ ЭКОНОМИКАСЫН ЧЫҢДОО ЧАРАСЫН СУНУШ КЫЛДЫ


Президент Жорж Буш жума күнү АКШнын экономикасына дем берип, анын төмөндөшүнө жол бербөө үчүн Конгресске 145 миллиард доллардай салыкты азайтуу аркылуу өлкө экономикасы үчүн ири каржылык жардам бөлүүнү сунуш кылды.

Эгерде бул чара Конгресс тарабынан бекитилсе, анда америкалык бизнес чөйрөсү жана атуулдар салыктан кыйла жеңилдик алышат.

- Бул экономикалык өсүү чараларынын топтому биздин өлкөнүкүндөй ири жана динамикалуу экономикага натыйжалуу таасир тийгизчүдөй жетишээрлик ири өлчөмдө болууга тийиш. Демек, ал улуттук дүң продукттун 1 пайызындай көлөмдө болуусу керек. Бул топтом салыкты кеңири өлчөмдө жеңилдетүүгө негизделүүгө тийиш жана бул чара экономикалык өсүшкө түздөн-түз таасир тийгизет, - деди президент Буш.


АКШ президентинин айтымында, бул убактылуу чара жаңы салык киргизүү менен коштолбоого тийиш жана бул чара ишкердиктин жандашына жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү болот. Салыктан үнөмдөлгөн акча атуулдардын ар түрдүү чыгымдарын, анын ичинде күйүүчү майдын кымбаттоосунан жоготкон кирешелерин толуктоого мүмкүндүк берет.

Президент АКШ Конгрессин чукул арада тийешелүү мыйзам кабыл алып, мындан аркы экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн олуттуу кадам жасоого чакырды.

Ушул тапта АКШдагы үйлөрдүн наркынын жана ипотекалык чөйрөдөгү баалардын кескин ылдыйлашы, насыя тармагындагы кризис сыяктуу көрүнүштөр өлкөнүн экономикасынын мындан аркы кескин төмөндөшүнө алып келет ко деген чочулоолорду күчөтүп, АКШ өкмөтүн чечкиндүү кадамдарга барууга аргасыз кылууда.

XS
SM
MD
LG