Мындай пикирин “Азаттыкка” мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. “ Өкмөт мамлекеттин карамагындагы баалуу мүлктөрдүн баарын сатып жиберүүнү көздөп атат. Бул туура эмес чечим. Эгерде энергетика тармагы жеке менчикке өткөрүлсө Кыргызстан өз алдынча жүргүзгөн саясатынан тайып, чет элдик компаниялардын, фирмалардын туткунунда калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жаатта жүргүзүлүп жаткан саясат жоопкерчиликсиз саясат деп эсептейм,”- дейт Ө.Текебаев.(AiJu)