Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

19-январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн быйылкы чемпиондору аныкталды. Ошондой 20-23-январда эркин күрөштөн жигиттер жана кыз- келиндер күч сынашып, жаңы жеңүүчүлөрү тандалат. Ал эми 23-24-январда самбо күрөшү боюнча да мыктылар иргелет.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңүүчүлөрдөн балбандардын тандалма командасынын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөр келишти. Мөрөй талашууда Кыргызстандын тандалган жүз элүүгө жакын балбаны күч сынашты.

Жеңил салмакта былтыркы чемпиондугун Бишкектеги «Бүркүт» спорт клубунун өкүлү Улан Темирбеков сактап калды. Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Азиз Бейшалиев күмүш медаль тагынды.

60 кг. салмакта өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун балбаны, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

66 кг. салмакта финалда “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Султан Мухтаров менен “Эмгек резерви” спорт коомунун мүчөсү Анарбек уулу Данияр күч сынашып, Султан былтыркы чемпиондук наамын Даниярга алдырып койду.

Ал эми 74 кг. салмакта Асылбек Бөдөшев менен Темирлан Салават уулу мыкты балбан аталды.

Ал эми 74 кг. салмакта күрөшүп Азиянын эки жолку чемпиону аталган Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов бул ирет 86 кг салмакта күчүн сынап, табында экенин далилдеп, баш байгени утуп алды. Жаш балбан Азат Бейшебеков Даниярга аттандаш болуп, келечегинен үмүткөр кылып, күмүш медалга арзыды. Алдыдагы башкы максаты Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу экенин жана олимпиадалык таймашууда мөрөйгө жетүү экенин Данияр Көбөнов белгиледи.

Мурда 86 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия оюдарынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев 96 кг. салмакта күрөшүп, баш байгени утуп, өлкө чемпиону аталды.

Оор салмакта салмакта Бишкектеги милиция Академиясынын студенти Султан Ырсалиев баралына келгенде Кожомкулдай балбан болоорун айнинелеп, чемпионаттын баш байгесин утуп алды. Себеби ал финалда өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү 15-Азия оюндарынын жана Азия чемпионатынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимовду утуп алды.

Быйылкы чемпионаттын дагы бир өзгөчөлүгү эл аралык аренада Кыргызстанды тааныткан Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Асылбек уулу Дамирбекти чоң спорт менен коштошуу салтанаты болду. Бул салтанатка Жогорку кеңештин төрагасынын орун басарлары Чолпон Баеков менен Кубанычбек Исабеков, парламент депутаты Орзубек Назаров, Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов баш болгон спорт жетекчилери катышып, Дамирбекке каалоо-тилектерин билдиришти.

Өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице- президенти Асылбек уулу Дамирбек чоң спорттук атаандашуулардан кеткени менен спорт тармагында иштээрин, жаш балбандарга жардам берээрин айтты.
Эми эртең эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо- өлкө чемпионатынын таймашуулары болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG