Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

ЖАЛАЛАБАТТА КЫЙЛА АДАМ СУУГА МУКТАЖ


Облустун Сузак районундагы Багыш айылындагылар сууну сатып ичишет. Парламенттик шайлоо алдында суу куурларын оңдомуш болушкан, бирок кийин ал иш улантылган эмес. Айылга тартылган суу куурларынын ширеткен жерлери иштен чыккан. Ноокен районундагы Ноокен айылында да калк «Тазасуу» долбоору боюнча суу түтүктөр толук иштебегендиктен сай, арык-чоноктордон ташып же кар ээритип чай ичишет. АБРдин «Тазасуу» долбоорунун облустагы координаторунун айтымында жергиликтүү калк 5 пайыздык төлөм акыларын толук топтобой, 15 пайыздык кара жумушуна толук катышпаган.

Кыш чилдесине карабай, облустун айрым айыл-кыштактары таза сууга муктаж болууда. Суунун толук тазаланбагандыгынан Майлуусуу шары менен Ноокен районунун ондогон жарандары өткөн жылы ичкелте дартына чалдыгышкан. Санитардык-эпидемия кызматынын маалыматы боюнча облустун 22 пайыз кыштагы таза суу менен камсыз болбогон. Ушутапта Сузак районундагы Багыш айылындагылар сууну арык-чоноктордон алууга аргасыз. Мүмкүнчүлүгү барлар акча төлөп, бир машина сууну кудуктарына куйдуруп алышат. Бирок, кудук курдуруп, сууну сатып ичүүгө аз айлык алып, пенсия, балдарынын жөлөк пулу менен күн көргөн адамдардын чама-чаркы жетишпейт. Айыл жашоочусу Анаркан Жаңыбаеванын айтымында, парламентик шайлоонун алдында суу чыгарууга болгон аракеттин эми ың-жыңы билинбейт, АБРдин «Тазасуу» долбоору - элге качан суу берери белгисиз:

- 2-3-жылдан бери эле мына суу келет деп отурушуп, таза суусу келген жок. Парлменттик шайлоо алдында атайын куруучулар жүрүп таза суу беребиз “Акжолду” колдогула дегендей кылды эле. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин ал куруучулардан дайын жок болду. 300-400 сомго жакын бир машина сууну дале сатып ичип келе жатабыз.

Багыш айылына суунун чыкпай калганына суу куурларынын туура эмес курулуп, курулгандары он үч жерден тешилип, 75 метр түтүктүн уурдалганы себеп болгон. “Таза суу” долбоорунун облустагы координатору Сопубек Сариевдин жообуна караганда өткөн айда жер титирөө болгондо суу куурлары ширеткен жеринен ажырап кеткен жана айылдыктар долбордун 5 пайыз каражатын акчалай төлөө жана 15 пайыздык кара жумушка катышуу талаптарын толук аткарбаган:

- Багыш айыл өкмөтүнө жер титирөөнүн негизинде суу түтүкчөлөрдүн сварка болгон жеринен кое берип жиберген. Алардын 1 млн. 150 миң 265 сом карызы бар.

Таза сууну сайлар менен арык-чоноктордон, же тешилген суу куурлардан издеген жарандар Ноокен районунда да бир топ. Райондун атына уйкаш айылда ичеерге суу малга эмес адамга да жок. Кыштак тургундары кар эритип, же сайдан муз чагып алышат. Пахта заводунан сызылып аккан сууга кезек күткөндөр арбын. Айыл тургуну Жумагул Карагуловдун белгилешинче элге суу ташыттырып берүү жергиликтүү бийликтердин колунан келбей калды:

- Биздин айылда суу жок, элдер кар ээритишет. Акчаларды бергенбиз. Суу түтүктөрү жарылып, жарымы сайга түшүп, жарымы жок. Элдер 2 км. жерден ташып суу ичет.

Аталган айылга суу тартуудагы кемчиликти – долбоорлоо мекемеси кетирген. “Тазасуу” долбоорунун 15 пайыздык талабы айылда 20 пайызга орундалганын координатор Сопубек Сариев мындайча түшүндүрдү:

- Долбоорчулардын күнөөсү менен бир жарым кимлометри оңдолгон эмес. Буюрса мурунку скважина ал жерде бар, ошону оңдосо суу беребиз.

XS
SM
MD
LG