Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

17:18 Бакыт Бешимов: Элди суукка тоңдургандыгы үчүн Ош шаарынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу керек


Мындай пикирин социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов Ош шаар Кеңешинин депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, быйылкы кышка таптакыр даярдык көрбөгөндүгү жана жарым миллиондой шаар тургунун суукка тоңдургандыгы үчүн түштүк борборунун башчыларына чукул чараларды көрүп, кеч да болсо кырдаалды жөнгө салуу зарылчылыгы бышып жетилди. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Аланов «Камылгабыз дурус эле, бирок, кыштын мынчалык катуу болоорун күткөн эмеспиз. Ошентсе да, мүчүлүштү четтеткенге аракетибиз күч» деп каяша айтканга үлгүрдү. (АТо)

XS
SM
MD
LG