Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Муса Мураталиев, Москва Орусияда 16-январда президенттик орунду талашууга талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктаган. Ал күнү Орусиянын элдик-демократиялык союзунун лидери Михаил Касьянов талапкер болуу үчүн акыркылардан болуп тиешелүү документтери менен элден чогулткан 2 миллиондон ашуун колун БШКга тапшырган. Талапкерди тизмеге кошуу же кошпоо чечимин БШК он күндүн ичинде чыгаруга тийиш. Ат салышууга катыша турган талапкерлердин тизмеси ырасмий түрдө 27-январда жарыяланат. Шайлоо 2-мартта өтмөкчү.

Орусияда президенттик орунду талашам дегендерди каттоого алуунун акыркы күнү 16-январда бүттү. БШКда жаткан тизмеде азыр беш киши бар. Үчөө Мамдумага шайланган партиялар өкүлдөрү: Владимир Жириновский, Геннадий Зюганов жана Дмитрий Медведев. Аларды партиялаштары талапкердикке көргөзүштү. Мурдагы өкмөт башчы Михаил Касьянов менен Демократиялык партиянын лидери Андрей Лебедев 2 миллиндон ашуун кол чогултуп, катталганы турушат.

Кептин баары - Кремль өнтөлөп, президенттикке жеткирүү үчүн далбас уруп аткан - Медведевде экенин анализчилер белгилешет. Буга дейре дайын болгондой, президент Путин өзүнүн кызмат ордун бошотуусу Мамдуманын бешинчи шайланышында «Бирдиктүү Орусия» жеңишке жетсе гана болот деген шерти болгон:

- Ошондо менин азыркы тушта белгиленген маселелердин так аткарылышын Мамдумадан да өкүмөттө иштегендерден да талап кылууга моралдык жактан укугум болот.

Акыры президент, бийлик өзү түзүп алган «Бирдиктүү Орусияны» жетектеп шайлоого барып, аны 64,1 пайыз менен жеңип чыккан. Ошондо мамлекет башчы мураскорум болот деп Медведевди көргөзүп, анысы Путинди өкүмөт башчылыкка кел деп чакырып, ал андай сунушка макул болуп, “Путин-Медведев” тандеми жаралган. Кремль азыр ушул саясий долбоорду турмушка ашыруунун карбаласында.
«Московский Комсомолец» жазганга караганда жогорку орунду талашуу демин сууткан маселе, анын жыйынтыгынын күн мурунтан белгилүү болушу болгон. Ошондон улам бир нече ай мурда эле өлкөдөгү жогорку орунду талашамын деп арыз беришкен 25 кишиден акыры 5 гана киши калган.

Ал эми Дмитрий Медведевге келсек, анын жеңип чыгышы азыртадан дайын дешет. Президенттик администрация башчысынын орун басары Владислав Сурков: “өткөн айда Мамдуманы шайлоодо, алтымыштан ашуун региондун жетекчилери «Бирдиктүү Орусияга» колдоо көрсөтүштү. Эми президенттин мураскорун шайлоодо да алардын көмөк көргөзүшүн күтөбүз”,- деген.

Орусиялык саясатчы Дмитрий Орешкин мындай дейт:

- Бул жерде Путиндин ишин улантуучу Медведев мырзанын президент болуп шайланышы үчүн таамайланып, курчутулуп, табына келтирилген иш жүргүзүлүп атат.

Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтагына караганда Медведев жогорку орунду алган соң Путиндин жүргүзгөн саясатын кынтыксыз улантат дегендер 80 пайызга жеткен. Башка жолго түшүп кетет дегендер 10 пайызга жеткен. Анализчилер арасында Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеминдей биртке барып ажырашат дегендери да бар. Бул жолку мамлекет башчыны тандоого ашып кетсе беш киши ат салышчудай. 2004-жылкы шайлоого 6 талапкер, 2000-жылы 11 киши катышкан эле.
XS
SM
MD
LG