Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Ушул жуманын башында Кыргызстанда бийликке каршы жана калыс күчтөрдүн башын бириктирген «Акыйкат үчүн» кыймылынын жыйынында коомдук парламент түзүү чечими кабыл алынган эле. Учурда коомдук парламенттин жол-жобосун иштеп чыгуу, анын курамын аныктоо иштери жүрүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, коомдук парламент өлкөдө кабыл алынган мыйзамдарга баа берип, расмий парламент менен бийликтин аракетине көз салып турмакчы. Ошол эле учурда айрым серепчилер мындай уюмдун түзүлүшүн бийликтин бир тараптуулукка, авторитаризмге ооп кетишине тоскоол болууга аракет жасаган алгачкы кадам катары баалашууда.

Ошентип бир айга чукул тыныгуудан соң оппозициялык күчтөр саясий саябанга кайтып келишип, «Акыйкат үчүн» кыймылынын астында уюшулуп жаткан коомдук парламент деген уюмга биригүү аракетин көрүшүүдө. Мындай уюимдун түзүлүшү боюнча учурда коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Айрым серепчилер мындай коомдук парламент саясий кырдаал олку-солку, саясий күчтөрдүн тирешүүсү күч өлкөлөрдө түзүлүп келгени тарыхта белгилүү экенин айтышууда. айрымдар анын жигердүү иштеп кетишине ишенбегендей, сандаган коомдук уюмдардын бири катары кабыл алышууда.

Аталган кымйылдын координациялык кенешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов болсо коомдук парламент ачык-айкын иш жүргүзүп, коомчулукка жана бийликке өз сунуштарын айтып тураарын белгилейт:

- Франциянын тарыхында, Чилинин тарыхында коом ишенбей калган учурда ушундай альтернативдүү коомдук парламент, өкмөт болгон. Азыр эл арасында бизде да бийликке ишенбөөчүлүк көп. Калың элдин ичиндеги пикирилерлди, муктаждыкты коомдук парламентте карап, талкуулап, бийликке жана коомчулукка сунуштарыбызды ачык-айкын берип турмакчыбыз.

Учурда көпчүлүк Кыргызстанда алгач ирет түзүлүп жаткан бул уюмдун келечеги кандай болот, бул уюмдун астына биригип жаткан оппозициялык күчтөр таасирдүү бир күчкө айлана алабы деп бүшүркөп турушат. Саясий серепчи Кубан Абдымен Кыргызстанда эле эмес КМШ алкагында алгач ирет түзүлүп жаткан бул уюм активдүү иш алып барса өлкөнүн саясий абалына таасир кыла алчу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт:

- Анын таасири иш аракетине жараша болот. Мыйзамдуу парламентти сындап эле отура берсе эч кандай таасири болбойт. Эгерде парламент чыгарган мыйзамдарга пикирин айтып, түзөтүүлөрүн сунуштап, коомчулукта, өзгөчө маалымат каражаттары аркылуу активдүү ил алып бара алса анда жалпы Кыргызстандын саясий абалына таасир кыла алчу мүмкүнчүлүгү бар.

Кубан Абдымен ошондой эле мындай уюмдун түзүлүшүн бийликтин бир тараптуулукка, авторитаризмге ооп кетишине тоскоол болууга аракет жасаган алгачкы кадам катары баалайт.

Ошол эле учурда айрым серепчилер бул уюмдун жигердүү иштеп кетишине ишенбегендей, сандаган коомдук уюмдардын бири катары кабыл алышууда. Ушундай пикирдеги саясат таануучу Орозбек Молдалиев канткен менен оппозициянын жаңы жолду тандаганы колдоого татый турганын белгилейт:

- Оппозиция минтип башка формаларды издеп атканы жакшы нерсе. Аянтка чыгып алып эле «кетсин» деп кыйкыра бергенден пайда чыкпаганын түшүнүп, жаңы варианттарды издегенин колдосо болот.

«Акыйкат үчүн» кыймылынын катарына кирген КДК партиясынын төрагсы Жыпар Жекшеев болсо коомдук парламенттин түзүлүшүн жарандык коомдун, оппозициянын жаны денгээли катары баалайт:

- Жарандык коомдун өскөнүнүн белгиси бул. Мен муну жаңы деңгээл деп эсептейм. Албетте, коомдук парламент укуктук жагынан эч кандай күчкө ээ болбойт. Бирок негизинен саясий жагынан, элдин аң-сезимин көтөрүү жагынан, элдин кайдыгер карабай мамлекеттик ишке түздөн-түз кийлигишүүсүнө, катышуусуна жол ача турган жаңы институттун бир белгиси.

Учурда атайын жумушчу топ түзүлүп, коомдук парламенттин жол-жобосун иштеп чыгуу, анын курамын аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы жакын арада белгилүү болмокчу. Коомдук парламенттин алгачкы жыйынын болсо бир айдын ичинде өткөрүү белгиленген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG