Шайлоочуларды расмий эмес сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, жекшембидеги шайлоодо Улутчул радикал партиянын лидери Томислав Николич 39%, ал эми батышчыл Демократиялык партиянын лидери Борис Тадич 35% добуш алганы ачыкталууда. Бул сандар тастыкталса талапкерлер 3-февралда экинчи турда беттешет. Эки талапкер тең Косового эгемендүүлүк берүүгө кескин каршы чыгып келет.