Забул провинциясында жараштыруу миссиясынын башчысы Абдул Кайим Мужадед талиптер колуна түшүп өлтүрүлдү. Андан сырткары Гельманд чөлкөмүндө НАТОнун базаларына курулуш материалдарын ташып бараткан автоунааларга чабуул жасалып, төрт айдоочу, эки күзөтчү өлтүрүлдү. Кандагарда жолго коюлган бомбанын жарылышынан беш киши каза тапты.