Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

ПРЕЗИДЕНТ СААКАШВИЛИ ОРУСИЯНЫ ЖАРАШУУГА ЧАКЫРДЫ


Жекшемби күнү Тбилисиде Михаил Саакашвили Грузиянын президенти катары ант берди. Ал 5-январдагы кезексиз шайлоодо экинчи мөөнөткө президент шайланган. Оппозиция шайлоо адилет өтпөдү деп, ырасмий аземге катышкан жок жана ордо шаарда нааразылык акциясын өткөрдү. Шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Леван Гачечиладзе оппозиция нааразылык чараларын токтотпосун билдирди. Саакашивлинин бийликке отуруу аземи дүйшөмбү күнү өлкө батышындагы Кутаиси шаарындагы Баграти чиркөөсүндөгү салтанат менен аяктайт.

Парламенттин имараты алдында өткөн ант берүү аземинде Михаил Саакашвили өлкөнүн биримдигин сактайм, элдин турмушун жакшыртам деп сөз берди:

Грузиянын президенти ирети өлкө конституциясыны, эгемендигини, биримдигиини жана бүтүндүгүн коргойм деп, Кудай жана эл алдында убада кылам. Президенттик милдетимди адилет аткарам жана жарандарыбыздын коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн кам көрөм. Элдин жана өлкөнүн кубатын артыруу үчүн бар аракетти жасаймын.

Саакашвили 5- январда өлкө тарыхындагы “эң демократиялуу шайлоо“ болгонун, Орусияга “достук колун сунганын” да белгиледи.

2004- жылы Саакашвили бийликке келгенден тарта өлкө Евробиримдик жана НАТО менен жакындаша баштагандан Тбилиси-Москва арасындагы мамиле осолдоп кеткен. 2006-жылы орусиялык офицерлер шпиондук кылды деп күнөөлөнүп, Тблисиден айдалып чыкканда, Москва грузиялык жарандардын Орусияга келишине тыйуу салган, ошондой эле уруксатсыз жашоодо деген жүйөө менен он миңдеген грузиндерди өлкөдөн кууп чыккан. Орусия Грузия ортосундагы каттамдар токтотулуп, грузин шарабына жана башка товарларга эмбарго жарыяланган.

Москва Грузияга каршы киргизилген санкцияларды алып салуунун караштырып жатканын Тблисидеги салтанатка катышканы келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бирок, Москва Тбилисинин “тийиштүү кадамды жасашын күтөт” деп эскерткен министр.

Грузия президентинин ант берүү аземи аскерий парад менен коштолду. Аскерлер мурда орустардык Калашников автоматы менен куралданса, бул ирет АКШнын М-4 автоматын көтөрүп өтүштү.

Жекшемби күнү грузин оппозициясы Тбилисинин ат майданында нааразылык акциясын өткөрдү. Оппозиция лидери Леван Гачечиладзенин айтышынча, 5-январдагы шайлоо калыс өткөн эмес:

-Биз мындай булганч инаугурацияга каршыбыз. Биз шайлоо калыс өтпөдү деп санайбыз жана оппозиция Саакашвилиге каршы экенине бүтүн дүйнө күбө болуусун каалайбыз.

БШКнын маалыматы боюнча, Гачечиладзе шайлоодо 23 пайыз, ал эми Саакашвили 53 пайыз добуш алган.

XS
SM
MD
LG