Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

МОСКВАДАГЫ САХАРОВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙДЕ ТИНТҮҮ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Москвадагы Андрей Сахаров атындагы музейде жума күнү көп саатка созулган тинтүү болуп, бирок эч нерсе табылган жок. РИА «Новости» кабарчысына айткан жообунда музейдин катчысы Галина Воробьева тинтүү учурунда «Тыюу салынган өнөр - 2006» көрсөтмөгө тийиштиги бар документтердин көчүрмөлөрү компьютерден алынган. Тинтүү музей уюштурган көргөзмөдөн улам козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөн.

«Адам укугу үчүн» кыймылы жетекчиси Лев Пономарев «Азаттыкка» берген маегинде музей уюштурган көргөзмөнүн айланасындагы чатак - мамлекет тараптан киргизилип аткан цензура деген.

18-январда Андрей Сахаров атындагы коомдук борбор жана музейди тинтүүнү Таган райондук прокуратурасы жүргүзгөн. Прокурордук өкүл Михаил Ионкин айтканга караганда 2007-жылы март айында музей уюштурган «Тыюу салынган өнөр - 2006» көргөзмөгө карата козголгон кылмыш ишин иликтөөдөн улам аңтарып-теңтерүү жүрүп атат.

Былтыр ал көргөзмөнү жана аны уюштургандарды орусиялык православ чиркөөсү менен православиелик коомдук уюмдар катуу сынга алганга байланыштуу ага динге тийиштиги бар жек көрүүчүлүктү жаратуу беренеси астында кылмыш иши козголгон.

Орусияда жалпы абалды талдоого алууда анализчилер, учурдагы бийликтин авторитаризмдин төрүн карай бет алганын айрыкча кеп кылышууда. Анын бир мисалы катары Мамдуманы шайлоодо Кремлдик бийликтин «Бирдиктүү Орусия» партиясынын атын сүрөп аны чыгарууда көрүндү. Ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарына алардын катарында коомдук түзүлүштөргө көрсөтүлүп аткан кысымдын күчөп баратышынан байкалат. Андай кысым бийлик тараптан алдын ала пландалып, үзгүлтүксүз жана системага салынып анан жүргүзүлүп атат дешет.

Былтыр 26-апрелде Орусиялык президент Владимир Путин кезектеги элге кайрылуусунда экстремизм менен күрөшүү мыйзамын оңдоо керектигин белгилеген:

- Экстремисттик аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзамга оңдоо киргизүүнү тездетишиңиздерди суранамын

Ошол күндөрү кылмыш иши козголгон Сахаров атындагы музейдин сурагы эмдигиче акырына чыга элек. Көргөзмөнү уюштурууда арачы болгон Андрей Ерофеев:

- Эч ким эч кимди таарынтайын деген эмес, болгону ушундай да өнөр бар экенин элге сунуштоо болгон.

Музейдин деректири Юрий Самодуров айтканга караганда бул соттоонун артында саясий кысым көргөзүү бар:

-Бул нагыз саясий чара, анын сот адилеттигине эч кандай тийешеси жок. Сурак мөөнөтү январдын акырына дейре узартылды иш ошондон кийин, феврал айынын жакасында сот өндүрүшүнө өтөт.

Көргөзмөгө коюлган өнөрлөр арасында Микки Маус чычканы жана Лениндин сүрөттөрү, колу-бутун керип мык менен кадалган Ыйса пайгамбардын айкелинин алдында христиан дининин символдорун оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, мазактаган сүрөттөр болгон.

XS
SM
MD
LG