Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

ЖАЛАЛАБАТТА МААЛЫМАТ АЛУУ ЭРКИНДИГИ ЧЕКТЕЛҮҮ

  • Ырысбай Абдыраимов

Облуста эркин маалымат алуу тургай, кыргыз саясаты тууралуу да маалыматтар элге толук жете бербейт. Анткени, көз каранды эмес маалымат каражаттарынын жок экендиги аз келгенсип, мамлекеттик телеканал радиоберүүлөрдүн убакыты чектелүү. Облустук гезиттер жумасына бир чыккандыктан облус калкы күнүмдүк жаңылыктар менен өз учурунда камсыз болбойт.

Облуста эркин маалымат таркаткан жалгыз «Сентябрь» телеканалы бар, бирок ал чектелүү аймактарга көрсөтөт. Калктын эркин эле эмес, мамлекеттик саясат, республикада болуп жаткан саясий-коомдук окуялар жагынан маалымат алуу укугу да чектелген.

Мындай бааны берген «Укук баарына бирдей» аттуу басылманын баш редактору Абдымомун Мамараимовдун белгилешинче шаар-райондордо интернет байланышы жок. Облустук гезиттер аптасына бир ирет аз нускада чыкканы менен каржылык тоскоолдуктардан улам алыскы райондорго жетпейт. Басылмалар күндөлүк окуяларды өз убагында калкка билдире албайт:

- Эркин, альтернативдүү эмес, мамлекет тарабынан берилип жаткан маалыматты да алганга укуктары чектелген. Бизде чыгып жаткан гезиттер да чектелүү. Шаардын тегерегинде гана таркатылат. Райондорго кеч барат. Мамлекеттик улуттук каналыбыздын сигналдары көп райондорго жете элек. Андыктан башка кошуна мамлекеттердин радио, телеканалдарын угуп, көрүүгө аргасыз болуп жатат. Кыргызстан жөнүндө мааалымат аларга жакшы жетпей жатат.

Мамлекеттик телеканалдын көрсөтүүлөрү да облусту толук камтый албайт. Коомдук маанилүү маалыматты дароо обого алып чыкканга облустук сыналгынын да мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, продюсер Мубара Абдулатипова айткандай, Жалалабат телерадиосу жума аягында ЭЛТР аркылуу бир жарым саат көрсөткөндүктөн апта башында болгон окуялар эскирип, мааниси жоголот. ЖТР жетекчилиги сыналгыны облустун карамагына алуу маселеси менен жергиликтүү бийликке кайрылган, бирок ал маселенин кандай чечилери али дайынсыз:

- Ар аптанын ишемби, жекшемби күндөрү гана ЭлТРдин каналы аркылуу чыгабыз. Өткөн жылдын тең жарымынан бери республикалык каналдардан толук кандуу чыга албай жатабыз. Анткени, анын ар кандай себептери болгон. Бүгүнкү күндө эмне себептен республикалык жетекчилик бул маселени чече элек, билбейм.

Шаар тургуну Мунарбек Жөргөмовдун баамдоосу боюнча учурда сөз эркиндиги тууралу кеп кылуу мүмкүн эмес. Себеби, менчик маалымат каражаттары да мамлекеттик бийликтин сөзүн сүйлөп, көрсөткөн жолуна түшүп калды:

- Учурда менчик массалык маалымат каражаттары деле ачык маалыматты бере алышпай калышты. Айкын маалыматтарды берген адамдарга кандайдыр бир күчтөр тарабынан кысымдар көрсөтүлүп келет.

Эркин маалымат алуу жагында көйгөйлөр арбын экендигин облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов да жокко чыгарбайт. Почта тармагына гезиттердин аласаларын өндүрүп берүү жагы такай эскертилет. Сыналгылардын обо убакытын көбөйтүү өкмөт менен УТРК деректирине билдирилген:

- Маалымат коопсуздугу чоң проблемалардын бири. Бул проблема боюнча биз өкмөткө дайыма кат менен кайрылып, маселе коюп келебиз,- дейт облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG