Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

21-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстанда жашаган калктарды бириктирүү шарапаты 1994-жылдын 21-январында өткөрүлгөн Кыргызстан калктарынын курултайы менен жыйынтыкталган. 1992-жылдын 21-январында «В. И. Ленин атындагы музей» аттуу жазууну алып салуу аракети жасалды.

Падышалык Россия менен энесайлык кыргыздар ортосундагы саясий мамилеге монголдордун Алтын хан бийлиги зор таасир тийгизип турган. Монгол алтынхандары кыргыздарга керек учурда кол салып, болбосо орус бийлигине таасир тийгизүү максатында аларга колдоо көрсөтүп ар кандай амал менен кыргыздарды өз эркине койгон эмес.

Монголдордун көчмөн талаадагы чексиз бийлигине халхалык хандардын XVII 60-жж. күч алышы, Лоджан хандан саясий багытын өзгөртүүгө себеп болгон. Эми ал кыргыздардан колдоо алыш максатында орус бийлигине жакындаша баштаган. Мындай ынактыкты сезген орус бийлиги С. Гречанинди Лоджан ханга жөнөткөн. С. Гречанин Лоджан хан менен жолугушуулардын биринде, 1660-жылдын 21-январь күнү ага Россия мамлекетинин букаралыгына киришин сунуш кылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улуттук уңгу ташыган мекемелердин аталыштары өзгөртүлө баштаган. Мурдагы «В. И. Ленин музейи», «Мамлекеттик тарых музейи» болуп өзгөртүлүп, бирок имараттын кире беришиндеги «В. И. Ленин атындагы музей» аттуу жазуу узак убакыт бою сакталып келген. «Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын» аталышын алып салууга колу барбаган жаңы бийлик, «Улуу көсөмдүн» өлүм датасына бир күн калганда 1992-жылдын 21-январында «В. И. Ленин атындагы музей» аттуу жазууну алып салууга киришти.

Жумушчулар «В. И.» тамгаларын сындырып бүтүп калганда журналисттер келип калганына байланыштуубу же алардын пролетарийлик сезими ойгонгондон уламбы, айтор аман калган «Ленин атындагы» музей жазуусу дагы бир топ убакытка сакталып турду.

Өлкө эгемендик алгандан кийинки мамлекет түптөө салты жана Кыргызстанда жашаган калктарды бириктирүү шарапаты 1994-жылдын 21-январында өткөрүлгөн Кыргызстан калктарынын курултайы менен жыйынтыкталган. Курултай демилгесин өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери көтөрүшүп, алар мындай сунуш менен 1993-жылдын декабрь айынын башталышында президент Аскар Акаевге кайрылышкан. Курултайга Кыргызстанда жашаган калктардын өкүлдөрү, саясий партия жетекчилери, коомдук ишмерлер чакырылып, анын ишине Президент Аскар Акаеев катышты. Курултайда сүйлөгөн мамлекет башчысы, азыркы Кыргызстан мамлекетин курууга мында жашаган калк өкүлдөрү катышкандыгын белгилеп, Кыргыз өлкөсү жалпыга таандык деген идеологияны жыйын талкуусуна койду. Мындан тышкаары, Кыргыз Республикасы үчүн кош граждандуулук керек экендигин жана ал норманы Конституция аркылуу бекемделиш зарылчылыгын көтөрдү.
XS
SM
MD
LG