Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бүгүн бир катар облусттардагы ички иштер башкармалыктардын жана ИММдин айрым бөлүмдөрүнүн жаңы жетекчилерин дайындады. Ага ылайык Кемелбек Кыязов Жалалабат, Бактыбек Алымбеков Баткен, Сабырбек Курманалиев Чүй, Нурланбек Темирбаев Нарын, Эркинбек Эсеналиев Ысыккөл облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчылары болуп калышты. (EBM)