Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ОППОЗИЦИЯ - УЛАМ ЖАҢЫЛАНЫП ТУРЧУ КООМДУК КӨРҮНҮШ


Оппозициялык партиялардын жана саясий ишмерлердин менчигиндеги ишканалардын каржы ишмердигин салык органдары жана Каржы полициясы тарабынан текшерүү жүрүп жатат. Мунун артында бирөөнүн менчигин тартып алуу, же оппозициянын каржылык тамырын кыя чабуу сыяктуу бийликтин тымызын буйрук-аракеттери бар деп бийликке каршы чыгып аткан саясатчылар ой-пикирлерин билдирип келатышат. Өткөн жумада оппозициядагы белдүү саясатчы Кубатбек Байболов жалаң эле байлык мүлкүнө эмес, өзүнүн жана үйбүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын билдирип, чоң саясаттан кетип жатканы жөнүндө кабар тараган. Байкоочулар К. Байболовдун кетиши менен оппозиция алсырап иши бүтөт деген пессимист ой жорууларды жасап жиберишти. “Азаттык” таңкы уктурууларына “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди чакырып, оппозицияны бүгүн жана эртең кандай тагдыр күтүп турганын сурады.

- Өткөн жумада кыймылдын белдүү мүчөлөрүнүн бири Кубатбек Байболовдун саясаттан кеткендигин билдиргенден кийин оппозиция алсырады, эми бийликке оппозициядан коркунуч жок деген сөздөр да айтылууда. Сиз кандай ойлойсуз чынында эле бийликке “биз жеңдик деп” шапкесин көккө ыргытуу мезгили келип жеттиби?

- Уюштуруу планында, албетте, бийлик бүгүн өзүн болуп көрбөгөндөй бекем сезип отурат. Ал эми моралдык планда, элдин ишеними жагынан алганда бийликтин авторитети болуп көрбөгөндөй төмөн түштү. Анткени, шайлоолорду өткөрүү убагында канчалык одоно көз көрүнөө мыйзам бузулгандыгын, бийлик адилетсизиктен тайгандыгын, элдин добушун, келечегин уурдагандыгын калктын жарымынан көбү көрүп, нааразылыгын билдирип жатат. Муну ар кандай социологиялык иликтөөлөр далилдей алат. Ошондуктан бийликин абалы бүгүн өтө кейиштүү. Бийликтин ушул кейиштүү абалынан пайдаланып, жазда оппозиция реванш алабы деген ой жүргүртүүлөр, божомолдор, чочулоолор болуп жатат. Муну азыр айтыш кыйын. Анткени, эл бирөөнүн ою менен болуп, мейли бул оппозиция, же бийлик болобу деп аракет кылбайт. Эл абалдан көз каранды. Жергиликтүү лидерлер өзүлөрү чечет эмне кылышты. Ошондуктан жазындагы саясий акциялардын мүнөзүн, формасын азырынча айтыш кыйын.

- Демек баары бир жаздын келиши менен оппозиция кайрадан жанданат деген белги бар турбайбы?

- Белги бар, бирок анын кандай формада болушун айтыш кыйын. Ошондон улам чочулап алдын ала кээ бир оппозициялык лидерлерди жаман аттуу кылуу, аларды ар кандай жолдор менен кысып, саясий аренадан чыгарып жиберүү, аз калган эркин ММКларды тизгиндеп, же аларды чарбалык, финансылык жагынан кысып, алардын позициясын өзгөртүү сымал иш аракеттер тынымсыз болуп жатат. Кубат Калбекович жөнүндө сөз айттыңыз, ал дагы ушундай учурдун бир түрү. Адам кааласа саясатка келет, кааласа убактылуу же биротоло кетет. Бирок аны чоң жеңиш катары телерадиолордон жарыялап, алыска кетүүчү саясий чечим чыгарып, мына оппозициянын иши бүттү, анысы кетти, мунусу калды деген туура эмес. Оппозиция бул курамы тынымысз өзгөрүп туруучу институт. Бир бөлүгү бийликке кетет, бир бөлүгү бийликтен кайра келет, же жаңы адамдар пайда болот. Бул бүткүл дүйнөдө курамы туруктуу болбогон көрүнүш.

- “Ата мекен” партиясынын бир нече мүчөсү ушул айдын соңунда АКШнын сый тамагына чакырылганы белгилүү. Айрым саясатчылар Америка мындай сый тамакка жөн жерден чакырбайт, саясатчыларды байкоо максатында болот деген божомолдорун айтып үлгүрүштү. Сиз 2004-жылы дагы ушундай эле сый тамакка барып келген элеңиз азыркы президент Курманбек Бакиев менен кошо. Чынында эле бул чакыруунун артында АКШнын саясаты жатабы?

- Жок, жыл сайын Кыргызстандан тигил, же бул саясатчы ушул иш чарага барып катышат. Бул бир эле күн боло турган иш чара. Биз барып калгандан кийин деп бир топ башка маанидеги жолугушууларды өткөргөндү пландаштырып жатабыз. Сый тамак бул жылда болуучу окуя, буга биздин саясатчылардын көбү барып келген. Бирок азыр курамы бир кылка оппозиция болгон үчүн гана ушундай ой жүгүртүүлөр пайда болушу мүмкүн.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG