Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: АКЫЙКАТЧЫ САЯСАТТАН АЛЫС БОЛУШ КЕРЕК


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун иштөө мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу анын ордуна талапкерлерди көрсөтүү башталды. Бул кызматка өзүн татыктуу деп санаган укук коргоочу ишмерлерден элдин уучу кур эмес. Азыркы эл тааныган укук коргоочулардан кимиси акыйкатчынын жүгүн көтөрүп кетүүгө даяр, ал бул кызматта канткенде натыйжалуу иштеп бере алат? Мына ушул суроо менен “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованы кепке чакырдык.

- Кыргызстандын акыйкатчысынын ордун ээлөөгө талапкерлерди көрсөтүү башталды. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да Жогорку Кеңештин депутаттыгынан ушул кызматка келген эле. Бир нече жылдардан бери адам укугун коргоо менен алектенип жүргөн бир нече укук коргоочулардан кимдир бирөөнү акыйкатчынын ордуна жылдырууну ойлогон жоксуңарбы?

- Мен өзүм жөнүндө айтсам, кимдир бирөөнү акыйкатчынын ордуна жылдыруу маселесине катышкан жокмун. Бирок ошого карабастан, быйыл жайында июль айында жарандык коомдун өкүлдөрүнүн форуму болуп өткөн эле. Ага мен катышкан эмесмин, бирок ага карабастан 3 укук коргоочуну, атап айтканда менин ысымымды, Төлөйкан Исмаилованы жана Валентина Гриценкону жарандык коомдун өкүлдөрү форумда атап чыгышкан болчу. Андан бери мындай демилге көтөрүлө элек.

- Акыйкатчы институту кантсе да бийлик тааныган расмий институт. Ошондуктан мүмкүн буга чейин бей өкмөт уюмдардын колу жетпей, тили өтпөй жүргөн маселелердин чечилишине оңой болмок?

- Албетте, биз акыйкатчы институту жөнүндө мыйзамдар кабыл алынып аткан убакта биз аябай демилгелүү болуп катышкан элек. Өзүбүздүн үмүтүбүз, күчүбүз чоң болчу. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы акыйкатчы институту биздин үмүтүбүздү актай алган жок деп эсептейм. Биздин акыйкатчы менен чогулуп иштөө аракеттерибиз 2002-03-жылдардан бери көтөрүлүп келип, акыркы кездерде биз бул маселени көтөрбөй калдык. Себеби акыйкатчы тарабынан биз такыр колдоо таба алган жокпуз.

- Сиз айтсаңыз акыйкатчы институту өзүн акташ үчүн кандай тапшырмаларды аткарып, кандай жоболор менен иш алып барыш керек?

- Эң биринчи, менин өзүмдүн көз карашым боюнча акыйкатчы институту, анын ичинде акыйкатчы өзү саясаттан алыс болуш керек, эч кайсы саясий чөлкөмдү, саясий партияны тааныбастан, бүт Кыргызстандагы жарандардын укугуна карата бирдей мамиле болуш керек болчу. Экинчи негизги талап - Кыргызстандагы адам укугунун саясатын, башкача айтканда адам укугунун кайсы багытында аябай чоң бузулуулар болуп атат, ушул боюнча иштеш керек эле. Ал эми менин көз карашымча акыйкатчы институту кандайдыр бир чоң юридикалык компанияга айланып, жарандардын арыздарын алып, аны экинчи бир структурага жөнөтүп, байкоочунун гана ролун аткарып калды.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG