Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

16:55 Баткенде тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын саны үч миңден ашты


Баткен облусуна кошуна мамлекеттерден 3543 этникалык кыргыз көчүп келишип, алардын 1536сы кыргыз паспорту менен камсыз болгон. Атайын иликтөө өлкө башчысынын «Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан кыргыз этносундагыларга колдоо көрсөтүү» буйругунун негизинде жүргүзүлүп, акыркы беш жылдын ичинде облустун аймагына 3543 этникалык кыргыз көчүп келгени аныкталган. Алардын эки миңден ашууну Баткен районунун аймагына отурукташкан. Облустук ички иштер башкармалыгынын «Азаттыка» берген маалыматы боюнча учурда Тажик Республикасынан көчүп келген 1536 этникалык кыргыздар жарандык паспорт алышкан. Ал эми Өзбекстандан көчүп келгендер үчүн паспорт менен камсыз кылуу иштери эми жүргүзүлмөкчү. (SA)

XS
SM
MD
LG