Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

18:22 Ош облусундагы Карасуу районунда дагы бир мектеп жабылды


Бул туурасында райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Назаров 21-декабрда «Азаттыкка» кабарлады. Анын кошумчалоосуна караганда, атайын комиссия Каратай орто мектебин пайдаланууга жараксыз деп таап, 500 чакты окучу 1-февралга чейин каникулга жөнөтүлдү. Мындан тышкары кечээтен баштап ушул эле райондогу Заиров атындагы билим журтунда да жылытуу системасы иштебегендиктен, балдар үйлөрүнө таратылды. Оштогу «Адилет» укук коргоо борборунун өкүлү Топчубай Маматалиев жергиликтүү бийлик көп нерсени жаап-жашырып, жаган маалыматтарды берип, борбордук Акүйдү алдап келатканын, Ош облусундагы жер титирөөдөн кийин элдин акыбалы чындап оор экендигин, мамлекет башчысы Бакиев чукул арада чара көрбөсө дагы канчалаган адамдардын убалына калаарын эскертти. (АТо)

XS
SM
MD
LG