Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

18:25 Таласта “Андаш майнинг” компаниясынын ишин көзөмөлгө алуучу комиссия түзүүнү талап кылышууда


Таласта жергиликтүү тургундар алтын казуучу “Андаш майнинг” компаниясынын ишин көзөмөлгө алуучу комиссия түзүүнү талап кылышууда. Мындай талап айыл бүгүн Талас районунун Көпүрөбазар айылында компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтылды. Аталган комиссиянын курамында айыл аксакалдар, жергиликтүү депутаттар жана жаштар бар. Компаниянын өкүлдөрү жогоруда айтылган сунушка макул болушту. Алардын айтымында жакында облустук өнүктүрүү фондуна “Андаш” компаниясы тарабынан 1 млн. АКШ доллары каралып, анын 70 пайызы Талас районуна, калган 30 пайызы облуска берилмекчи. Ошондой эле компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, иш оңунан чыкса ушул жылдын күз айларында компания Андаш кенинен алтын казып ала баштамакчы. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG