Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

ОШ ШААРЫНЫН ЭМГИЧЕ ГЕНПЛАНЫ ЖОК


Ош шаары эгемендик жылдарынан бери генпланы жок жашап келет. Муну калаа жетекчилиги каражаттын тартыштыгына шылтоолосо, коомчулук «ушундай башаламандык бийликке майдай жагат, себеби, каалаганын жасап жатышат» деп кыжаалат.

Республикалык статистика комитетинин акыркы маалыматтарына караганда, ушул тапта Кыргызстандын түштүк башкалаасында 280 миңден ашуун калк жашайт. Ал эми расмий эмес булактардын айтуусунда, көрсөткүч жарым миллиондун тегерегинде. Канткен күндө да, мынча адамдын ысыгына кошо күйүп, суугуна чогуу тоңуш калаа бийлигинин биринчи милдети эмеспи.


- Азыр Амиртемир микрорайонунда болуп кайттык, 750дөн ашык үй керектен чыгып калган. Ал жерде жашаш эмес, жөн эле ичине кирип көрүп чыгыштын өзү коркунучтуу. Көп кабаттуу үйлөргө өтүшүбүз керек. Үй курулуп бүткөндөн кийин ал жерде свет, жол, суу, коммуникация, телефондордун бардыгын комплекстүү түрдө чече тургандай болушубуз керек. Шаардын четинен кыркып алып 6-7 сотыхтан жер бере берсек, билбейм, келечекте кайда барабыз, - деди Ош шаарына сапарында Амир Темир кичи районунун тургундарынын жашоо-шарты менен толугураак таанышкандан кийин Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров.

Шаардык Кеңештин жаш депутаты Акылбек Султанов Ош калаасы эгемендик жылдарынан бери генпланы жок жашап келаткандыгын, мунун айынан курулуш иштеринде башаламандык күчөгөндүгүн моюндап, документти даярдап, Өкмөткө бекиттирүү үчүн 15 миллион сом таппай жүрүшкөндүгүн баса белгиледи.

- Ош шаары түштүк борбору болгондон кийин бүгүнкү күнгө чейин генпланы жок экен. Ушуга генплан кылыш үчүн 15 миллиондой акча керек экен, - деди Акылбек Султанов.

«Демократия жана жарандык коом коалициясынын» Оштогу өкүлү Эркемурат Асанов акча жөн эле шылтоо экендигин кыйытып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгендерди тыйып, жарым миллион калкты ичине батырган шаар турмушун жакшыртууга аракеттенбегендиги үчүн жетекчилерди, айрыкча мэр менен архитектура башчысын сынга алды.

- Генпланды жетекчилик кылбай, жолго салбай келгендер бул биринчи кезекте шаардын архитектура бөлүмү, экинчиси шаар жетекчилиги. Шаардын келечегин ойлой турган болсок генпланды кайрадан жандандырып, колго алып, кичинекей курулуш болсо дагы генпланга ылайык кылып жасашыбыз керек, - дейт Эркемурат Асанов.

Бишкекке кайтып жатканда Кыргыз парламентинин спикери Адахан Мадумаров Ош шаарынын комплекстүү өнүгүшүнүнүн генпланына Өкмөттөн 15 миллион сом ажыратууга жардамдашааарын «Азаттыкка» маалымдап, аны жеке өзү көзөмөлдөй тургандыгын кошумчалады.

- Бюджет караган мезгилде бул маселени кабыргасынан коюшубуз керек. Акчаны колуна бербешибиз керек. Кандайдыр бир комплекстүү программа иштелип чыгыш керек, - деди Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров.

XS
SM
MD
LG