Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

ИРАНДАГЫ ТҮРМӨДӨ СТУДЕНТ “ШЕКТҮҮ” ЖАГДАЙЛАРДА КӨЗ ЖУМДУ


Ирандагы Күрдстан провинциясында камакка алынган студент көз жумду. Студенттин ата-энеси жана адам укугун коргоочу активисттердин айтымында, ал өтө “шектүү” жагдайларда кайтыш болгон.

Ебрахим Лутфулланын жоро-жолдоштору, ата-энеси аны дайыма адвокат болууну самап жүргөн шамдагай жаш жигит катары сүрөттөшөт. Бирок эми, тилекке каршы, анын үмүтү эч качан орундалбайт.

Лутфулланы Күрдстандын борбору Санандаждагы Паяме Нур университетинин маңдайында кармап кетишкенден тогуз күндөн кийин, 15-январда, расмий бийликтер анын ата-энесине “Балаңар жанынан кечип, түрмөдө муунуп өлүп калыптыр” деп кабар беришкен. Бирок Лутфулланы баштап эмне үчүн камакка олтургузушканы азырга чейин белгисиз.

Студентти кармап кеткен күнү анын жанында олтургандар эми эле Лутфулла экзаменин берип бүтүшү менен, полиция аны колтуктап алып чыгып кеткенин айтышты. Расмий бийликтер ал учурда студент болгону кыска убакытка суракка тартылаарын айтышкан. Андан башка эч кандай түшүндүрмө беришкен эмес.

Студенттин үй-бүлөсү болсо ал өзүн-өзү өлтүргүдөй жашоодон тойгондой түрү деле жок болчу дейт. Алардын айтымында, Ебрахим жашоону сүйгөн, жакшылыктан үмүт эткен жаш жигит эле. Анын иниси Исмаил Лутфулла болсо биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, агасын полиция кармап кеткенден соң эки күндөн кийин, аны менен көрүшкөнүн айтат.

- Ал жакшы эле олтурган. Жакын арада мени бошотот деп жатты. Мага болгону сакал алчу буюм жана айрым башка нерселер керек деген. Мен агамды акыркы ирет көргөнүм ошол болду.

Расмий бийликтер жаш студенттин сөөгү алда качан эле шаардагы Бехеште Мохаммади мүрзөсүндө көмүлүп салынганын айтышууда. Бирок Ебрахимдин үй-бүлөсү анын денесин көрө алган жок, андыктан аны ачып-текшерүүнү талап кылып жатат.

- Алар агамдын сөөгүн бул жерде көмүлгөн дешет, бирок эч ким денени көрө элек. Алар денени көмгөндөн кийин мүрзөнү такыр эле бетон менен жаап салышкан. Биз эмне кылууну билбей турабыз. Биз анын денесин көргөн жокпуз, андыктан ал муунган-муунбаганын билбейбиз. Алар агамдын денесин алып, баарын өздөрү жасап салышты, бизге эч нерсе айтышкан жок, - дейт Ебрахимдин иниси Исмаил.

Самандаждагы журналист жана ал жердеги Адам укугун коргоо уюмунун өкүлү Саман Расулпор Лутфулланын өлүмү жана аны менен байланышкан окуя бул региондо алгачкы ирет болуп олтурганын айтты.

Ошол эле учурда Лутфулланын өлүмүн журналист былтыр октябрда Хамедан шаарындагы түрмөдө көз жумган 27 жаштагы Захра Бани Ягубдун өлүмү менен салыштырды.

Захра сүйлөшүп жүргөн жигити менен көчөдө бараткан учурда аны Абийир полициясы кармап кеткен эле. Анда да полиция түрмөдөгү Захра “өз жанын өзү кыйды” деген билдирүү тараткан. Бирок анын үй-бүлөсү, тетирисинче, полицияны “адам өлтүрдү” деп айыптап чыккан болчу. Ата-энеси кыздын денеси көкала болуп, кулактарынан кан акканын айтышты. Кыздын үй-бүлөсү да, укук коргоочу активисттер да, анан Нобелдин Тынчтык сыйлыгын утуп алган Ширин Эбади да анын денесин кайра экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан, бирок ал талап орундалаары күмөн.

Ушуга карабай, Лутфулланын үй-бүлөсү баары бир анын денесин ачып текшерүүгө жетише турганына ишенет. Алар баланын өлүмүнө полиция себепкер деп билишет.

Журналист Саман Расулпор азыр анын ишканасы эптеп Лутфулланын үй-бүлөсүнө адвокат таап берүүнүн айла-амалын ойлонуштуруп жатканын, анткени бул үй-бүлө жакыр болгондуктан, өздөрү адвокат жалдаганга каражаты жок экенин айтты. Ебрахимдин өлүмүн ал өтө “табышмактуу” деп атап, буга жоопкерчиликти коопсуздук кызматкерлери мойнуна алып, ал үчүн жооп берүүлөрү лаазым деди.

Лутфулланын өлүмү тууралуу маалымат 17-январда гана белгилүү болгон.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG