Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

ӨЗБЕКСТАНДА КАЛГАН КЫРГЫЗДАРДЫН ТАЛАБЫ ОРУНДАЛА ЭЛЕК

  • Ырысбай Абдыраимов

Чек ара тилкелери толук такталбагандыктан Аксы райондагы Торук айылынын жарымы Өзбекстанда калган. Өзбек аймагында турган кыргыздар суу, жол, электр жарыгы, мектеп, чек арадан өтүү өңдүү көйгөйлөр кыйнап жатканын алардын жашоосу менен таанышканы айылга барган Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлүнө билдиришкен. Алар кыргыз бийликтеринен там-ташы менен түпкү мекенине көчүрүп алууну талап кылууда. Бирок, ал талаптар качан аткарылары белгисиз. Облустук бийлик Өзбекстандагы Торук айлында калган кыргыздардын санын тактаган.

Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замирбек Садиров Өзбекстандын аймагында калган Торук айлындагылардын бүгүнкү акыбалы менен таанышуу үчүн барган. Өткөн жылы алар чек арада ал кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушканда чек арадан өтүү, мектеп, жол, суу, электр жарыгы өңдүү көйгөйлөрүн козгошуп, кыргыз өкмөтү өз аймагына көчүрүп алса деген тилектерин билдиришкен. Алмаз Атамбаев ошондо кыргыз өзбек чек ара тилкелеринде калган айылдар үчүн өзүнчө мыйзам зарыл экендигин белгилеген. Бирок өкмөт башчы алмашканы менен талаштуу айылдагы көйгөй ошол бойдон калган. Айылдагылар ТИМдин өкүлү Замирбек Садировго жарандык алуунун таталдыгынан айрым кыргыздар өзбекстандык болууга аргасыз болуп жаткандыктарын айтышкан:

- Паспорт алуу маселеси өтө кыйын экен. Жашы жетип, документтерин тапшырып коюп, айлап чуркап эч бир жооп алалышпай жүрүшөт. Кыргызстандын аймагынан жер берсе, ошол жерге үй салганга, ссуда жардам болсо дейт.

Учурда кыштакта кыргыз жарандыгы бар 22 үй-бүлө калган. Айыл тургуну Кайрыкан Атамбекова коңшу президенттердин мунасага келип, Кыргызстанга көчүп өтүүгө уруксат берсе, үйлөрүбүздү бузуп, курулуш материалдарын ташып өтүп, үй куруп алат элек деген оюн кулак каккан:

- Карындаш, урук, агаларыбыз Кыргызстанда жашайт, өзүбүз Өзбекстандабыз. Мал Кыргызстанда жайлайт, сууну да Кыргызстандан ичебиз. Эки президент сүйлөшүп, макулдашса, бизге жер берип, Кыргызстанга өткөрүп койсо.

Аларга жер үлүштөрү Аксынын Кошдөбө айыл өкмөтүнөн берилген. Үйүүлөрү гана Өзбекстанда болбосо, жашоо-турмушунун баары кыргыз тарабы менен байланыштуу. Айыл тургуну Токторалы Атамкулов азык-түлүк ташып өтүүдө да чек ара текшерүүлөрүнүн көптүгүнө нааразы:

- Кожолук жүздөн ашып кетет. Бала-чакабыз, тууган урук бул жакта, биз өтө албайбыз. Жүктү эшекке жүктөп келип, анан көтөрүп өтүшүбүз керек, бир нерсени чыгаралбайбыз. Бул жерде биздин жерибиз бар илгертен.

Кош дөбө айыл өкмөтүнөн Ормон Алимов Өзбекстанда калган торуктуктарды көчүрүп алуу маселесин кыйладан бери козгоп келатат. Анын оюнда боордош кыргыздардын турак жайы үчүн Кошдөбө айылында жер жетиштүү:

- Канча кожолук болсо компенсация берип там салып берсе, огородду кененирээк берсе. Жер кудая шүгүр кенен.

Торук айылы экиге бөлүнгөндө беш гектар жер Өзбекстанда калган. Кош дөбө айыл өкмөт башчысы Раимжан Мавлянов Өзбекстанда калган кыргыз жерин алмаштырып, кыргыздарды көчүрүп алуу үчүн мамлекеттин каражат зарыл дейт:

- Жер участогун беребиз, бирок жанагы Өзбекстанга калып кете турган 4,6 жердин компенсациясы болуш керек. Ансыз маселе чечилбейт.

Өзбекстанга карап калган “Торук” айлына ТИМДин өкүлү менен кошо барган облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартовдун боолгошунча Торуктагы көйгөйлөр чек ара такталганда чечилүүсү ыктымал:

- Облустук администрацияда тактоо, маалымат жыйындоо, анализ кылуу иши жүргүзүлүп жатат. Делимитация жана демаркация боюнча комиссия иштеп маселени чечкенде ушул маселе чечилет деген үмүттөбүз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG