Британиянын коргоо министрлиги билдиргенине караганда аскерлердин унаасы Муса Калаа чөлкөмүндө минага кабылган. Жыл башынан бери Ооганстанда эларалык күчтөрдүн 10 жоокери каза тапты. Ооганстандагы Британ контингентинин саны 7 миң 800 кишини түзөт.
Ооганстандын түштүгүндө кечээ британиялык бир жоокер набыт болду, дагы бешөө жараат алганы маалымдалууда