Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Газа тилкесинин ири бөлүгү электр жарыгысыз кала берүүдө


Израиль согушкерлердин ракеталарына жооп кайтаруу иретинде күйүүчү май ташыган унааны өткөрбөй, Газа менен чегараны жаап койгондон кийин аймактагы негизги электростанция токтоп калды.
Палестин автономиясынын президент Махмуд Аббас Израилди блокаданы алып салып, Газадагы оруканалардын нормалдуу иштешине шарт түзүүгө үндөдү. Улуттар уюмунун гуманитардык жардам боюнча агенттигинин Газадагы өкүлү Жон Гинг кырдаал өтө олуттуу деп баалады. Израиль болсо укук коргоочулардын сынын четке кагып, согушкерлерди ракета атууну токтотууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG