Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

ДАВОСТО ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМ БАШТАЛУУДА


Ушул бейшембиде Швецарияда жылда өтчү Дүйнөлүк экономикалык форум башталууда. Дүйнөнүн булуң-бурчунан атка минерлер, ишкерлер, исскуство өкүлдөр жаңы башталган жылдын башкы саясий-экономикалык багыттарын сөз кылышмакчы.

Тоо-ташта жүрүүгө ылайыктуу бут киймиңизди кийип, үстүңүзгө жылуу тонуңузду жамыныңыз. «Саясат сасык, ал эми бизнес бул кедейлердин канын соруунун гана ыкмасы»,-деген скептисизмиңизди таштап, адам затын сактап калууга даяр туруңуз, себеби жыл айланып, Давостун мезгили да келип калды.

Алпы тоолорунун арасындагы бул атактуу кышкы куротто дүйнөнүн алдуу күчтүүлөрү, байлары жана атактуулары төрт күн бою кедейчиликти кантип жоюп, жер климатын кантип сактап калыш керек деген суроолорго баш катырышат, ал эми бош убактысында швецариялык атактуу фонддан, кайнатылган эжигейге куйкаланган эттен матырып жешип, аска-тоолордун сулуулугуна суктанышат.

Кедейлик демекчи, бул көрүнүш менен күрөштүн актуалдуулугун Нобел сыйлыгынын лауреаты, микрокредит системасынын атасы саналган бангладештик ишкер Мухамед Юсуфтун мына бул айткандары Давосто көпчүлүктүн көңүлүндө экени шексиз:

-Кедейлер силерди тынч уктатпайт, анткени алардын абалы оор. Жакырчылык терроризмге жагымдуу шарт түзөт. Жардыларды аз эле акчага каалаган террористтик ишке жалдаса болот.

Мына ушул жакырчылык менен күрөш сыяктуу олуттуу проблемалардын чегинде быйылкы жыйындын башкы темасы "кызматташтык инновациясынын күчү" деп аныкталды. Бул аталыштын жандырмагы тууралуу жыйындын жаңы директору Ли Хоуэл мындай дейт:

-Бул ар кимге ар кандай нерсени билдирет. Бирок жөнөкөйлөтүп айтканда, дүйнөнүн күн тартибине эки багыттан карашыбыз керек. Вертикалдык багытта кайсы маселелер кызматташтыкты талап кылат? Ал эми горизонталдык деңгээлде кайсы маселелер инновацияны талап кылат? Биринчисине көп кызматташттыкты талап кылган соода боюнча Доха сүйлөшүүсүн атасак болот. Ал эми көп өлкөлөрдө коомдордун карып баратканы, балдардын аз төрөлгөндүгү инновацияны талап кылган маселелерден.

Коноктордун тизмесинде мен-мен деген саясатчылар менен бизнесмендердин баары жүрөт. Бирок Борбор Азия же дагы башка мурдагы советтик жумурияттардан өкүлдөр жокко эсе, бул да болсо бул өлкөлөр дагы деле дүйнөлүк коомчулук менен камыр-жумур болуп кете элек экендигин айгинелейт.

Убагында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Давоско жылда барчу. Негизи бул жыйынды ким көзүнө илбесе, өзүнө кылат. Анткени Давосто жаңырган жылдын саясий-экономикалык чөйрөлөрүнө багыт берилет.

Былтыр Германиянын канцлери Ангела Меркел мында өз танапташтары менен четке кагылган европалык конституцияны кантип кайра иш стөлүнө алып келүүнү талкуулаган. 2006-жылы ал кезде Британиянын өкмөт башчысы болуп турган Тони Блэр Давосту Өнүккөн өнөр жайлуу сегиз өлкөнүн жакырчылык менен күрөш саясатын күн тартибине алып чыгуу үчүн пайдаланган.

1990-жылдары Давос жыйындарында Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянында жана Түштүк Африкада апартеидди жок кылууда ири жылыштар жасалган. Андан да мурда, 1988-жылы кырды бычак мамиледе болгон Греция менен Түркия Давос декларациясына кол коюу менен согушпай калышкан.

XS
SM
MD
LG