Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Парламентте бүгүн Жогорку соттун төрайымдыгын бекитүүгө макулдук берүү маселеси каралып, натыйжада бул орунга президент тарабынан сунушталган Жаңыл Алиеванын талапкерлигин көпчүлүк депутаттар колдоп беришти. Бул маселе каралып жаткан учурда айрым депутаттар сот бийлигинде эч кандай реформа жүрбөй жатканы, бул тармак түп тамырынан саясатташып, соттор аткаруу бийлигинин гана буйруктарын аткарып калганы тууралуу сын пикирлерди айтышты. Жаңыл Алиева болсо соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн бир топ мыйзамдар кабыл алынышы зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин Бишкек шаардык сотунун төрайымы болуп иштеп келген Жаңыл Алиева бүгүн парламентте адегенде Жогорку Соттун мүчөлүгүнө шайланды. Бул маселени кароо учурунда парламенттеги 3 фракция тең анын талапкерлгин колдой турганын билдиришти. СДП фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов болсо өлкөдө бүгүн калктын басымдуу бөлүгү сотторго ишенбей калганы тууралуу билдирүү жасап, сот системасын азыр аткаруу бийлигинин буйруктарын аткарган, коррупциялашып кеткен орган катары баалап, элдин ишенимин кайтаруу үчүн бул тармакты токтоосуз реформалоо керектигине токтолду. Бакыт Бешимов ошондой эле бул фракция башкалардан айырмаланып, Жаңыл Алиеванын талапкерлигин атайын шарт-талаптар менен гана колдоп жатканын айтты:

- Биринчи шартыбыз – өткөн-кеткенден терең сабак алып, азыр сот системасынын булганып, коррупцияланышып кеткенин эске алуу керек. Талабыбыз – бул системада реформа жүргүзүш керек. Ошондой эле соттор көз карандысыз болуп, мыйзам негизинде иштеш керек, өзүңөр да ошол прнициптерди бийик кармагыла деп жатабыз.

Жогорку соттун судьялыгы үчүн Жаңыл Алиева 75 депутаттын макул деген добушун алган соң парламент ага Жогорку соттун төрайымы болуп дайындалууга макулдук берүү маселесин кароого киришти. Жарыш сөз учурунда депутат Роза Отунбаева сот бийлигине карата бир топ сын пикирлерин айтып, дал ушул Жаңыл Алиева жетектеп турганда Биринчи май райондук соту бийликтин далай буйруктарын аткарганына токтолду:

- Бизде сот системасы түп тамырынан саясатташтырылган. Акүйдүн буйруктарын аткарып келди. Мына ушул Жаңыл Алиева беш жыл башкарган Биринчи май райондук соту, өзгөчө март окуясынын тегерегинде, андан кийин деле канча буйруктарды аткарды. Жаңыл Алиева ошолордун баарын аткарып отурду. Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновго байланышкан катка кол койгон 50 соттун башында турат бул кишинин фамилиясы. Эми бул киши Жогорку сотко келип, жанагындай саясий буйруктарды аткарбай турганына кандай кепилдик бар?

Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев Жаңыл Алиеванын Жогорку соттун мүчөсү болуп, судья катары ант бере электе эле Жогорку сот төрайымы кызматына президент тарабынан көрсөтүлгөнү мыйзамга каршы болуп калды деп сындап чыгып, президентти мыйзам жолунан чыкпоого чакырды. Бирок төрага Адахан Мадумаров баары мыйзам чегинде болгонун, мыйзамда судьянын кызматка киришүүсү жана ант берүүсү тууралуу көрсөтүлбөгөнүн белгиледи. Ошентип маселе добушка коюлуп, Жаңыл Алиеванын талапкерлигин 76 депутат колдоду. Депутаттардын макулдугун алган соң Жаңыл Алиева айтылган дооматтар жана сот системасын реформалоо тууралуу бизге буларды билдирди:

- Сот реформасы 1999-жылдан бери болуп атканы белгилүү. Эми соттордун статусу боюнча, акыйкаттуулук боюнча Улуттук Кеңеш тууралуу мыйзамдар кабыл алынышы керек. Чынында соттор тууралуу коомчулукта нааразылык көп. Ошол нааразычылыктар эмнеден чыгып жатканын изилденип, талкууланат. Жакында соттордун курултайын чакырганы жатабыз. Анда соттордун кеңешин шайлап туруп, анда мыйзам талаптарын одоно түрдө бузган сотторду жоопко тартуу маселеси каралыш керек. Соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн болсо бир топ мыйзамдар кабыл алынышы керек. Менимче, ошондо азыркыдай дооматтар болбойт.

Жаңыл Алиева 1953-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал сот тармагында 23 жыл иштеп, буга чейин Кемин райондук, Ысыккөл облустук сотунда судья, Биринчи май райондук сотунда төрайым болуп иштеген. Соңку убакта болсо Бишкек шаардык сотунун төрайымы кызматын аркалоо менен бирге президент алдындагы соттук-укуктук маселелер боюнча Улуттук Кеңешти жетектеп келаткан.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG