Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

УЛАК ТАРТКАН КЫРГЫЗ КУЛАК ТАРТА БАШТАДЫБЫ?


“Белый пароход” гезити доңуз жылы батып бараткан маалда адамдын кулагы менен сөөмөйүнөн “жасалган” белек бийликтеги аттуу-баштуу бирөөгө тартуу кылынганын, орто кылымдын “оюнуна” окшогон бул жапайычылыктын артында дагы далай эскертүүлөр жатканын, балким айрымдардын көзүн тазалап салганга чейин барышарын, бүгүн мына ушул кесилген сөөмөй менен кулактын окуясын аңтарып чыгуу үчүн өлкөнүн атайын кызматтары легендарлуу “комиссар Каттанини” кошуп алып иликтөө ишине аттанганын, бирок айрым бир ишенимдүү булактардын маалыматына караганда жакын арада ошол эле Өмүрбек Субаналиев менен УТРК жетекчиси Мелис Эшимкановго жана башка айрым саясатчыларга “кулак эскертүүсү” болушу мүмкүн экендигин, ошентип Акүй ушундай жол менен эми март төңкөрүшүнө катышпагандарды өз бооруна тарта баштаганын, буга дейре далай азаптарды башынан кечирип келаткан Кыргызстандын коомчулугу жаңы жылда өзгөчө сценарийи бар жолго түшкөнүн, Манастын мекени дүйнөнү дагы далай күтүүсүз окуялар менен таңкалтыра берерин баяндады. Гезит ошондой эле “Ак жол” партиясы парламентте монополист партияга айланганын, Акаев режиминин кулашынын бирден бир башаты болгон Аксы жана Аксынын баатыры А.Бекназаровду бийликтин сыртка тээп таштаганы акылсыздык болгонун, керек болсо бул бийлик эл алдындагы өз абийрин таза алып жүрүш үчүн деле А.Бекназаровду сактап алышы керек эле деп жазды.

“Агым” гезити Акүй Чүй губернатору К.Сыйдановду кызматтан ала турган болуп, бирок ордуна ылайыктуу киши таппай башы маң болуп турганын, анткени Чүй өрөөнүндөгү белдүү кызматтардын баары түштүктөшүп кеткени жергиликтүү элдин кыжырына тийип келатканын, Ө.Текебаев АКШнын саясый күчтөрү менен жолугушууга даярдык көрүп атканын, коңшу өзбек президенти И.Каримов катуу ооруп, үйүнө казак президенти менен түркмөн президенти ал-абалын сурап каттап калышканын, ал арада өзбек бийликтегилеринин арасында кырчылдашмай башталганын, эларалык байкоочулар болсо Борбор Азияда жазга маал массалык толкун болорун болжошорун, мурдагы өкмөт башчысы А.Атамбаев жазында саясый абал курчуурун, өзү эл тарапта болорун көздөп турганын маалымдады. Гезит мындан тышкары “Бектер кетет...” деген рубрика алдында Жогорку Сот төрагалыгынан күтүүсүз бошотулган Курманбек Осмоновго кайрылып, жооп алган. К.Осмонов мырза аны кызматтан алуу боюнча ар кандай айла-амалдар жүрүп келатканынан мурда эле кабары болгондугун, бирок парламент кызматтан алуу эрежесин сактабагандыгын, көпчүлүк депутаттар ага келип биз мындай добуш берген эмес элек деп айтышканын, аны кызматтан кетирүүнү былтыртан бери уюштуруп келаткандар ким экенин билерин, президентке да, парламентке да ырахматын ыроолоп, таарынчы жоктугун билдиргенин, бирок президентке кат жазып, бирин спикер, бирин иниси аркылуу киргизейин дегенинен майнап чыкпагандыгын, жазган каты жеткен-жетпегенин да билбей тургандыгын, шайлоо алдында Кара Кулжага барып, “Акжолго” добуш бергиле дебесе дагы президентти колдогула деп кыдырып келгендигин, анткени президент менен студент кезинен бери мамилеси барын, күнөө Бакиевде эмес анын айланасындагыларда болуп жатканын, ал эми соттор бүгүн кайсыл бийлик келсе ошого көз карандылыгын, өзү болсо оппозицияга өтпөстүгүн, эчкимге таарынычы жоктугун кеп салып берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG